00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эксперт: Атамбаев башка президенттердин чек ара боюнча кемчиликтерин жоюуда

Жазылуу
Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагынын жалпы узундугу 1,378 миң чакырымды түзөт. Анын 1007 чакырымы эки тараптан тең расмий таанылган, ал эми калганы талаш-тартышты жаратып келет. Кыргыз-тажик чек арасынын 567 километринин 519у сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бекиген.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. ШКУ саммитинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин козгоп, Алмазбек Атамбаев чыныгы көйгөйлөр тууралуу ачык айта баштады дейт Sputnik агенттигине саясат таануучу Токтогул Какчекеев.

Кыргызстан Тажикстан менен биргеликте чек арадагы талаштуу 58 жерди талкуулайт
ШКУ курамына Россия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет. Монголия, Индия, Пакистан жана Афганистан уюмда байкоочу статусуна ээ. Жума күнү ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилери жолугуп, анда КР президенти республикалардын такталбаган чек аралары тууралуу маселелерди көтөрүп чыгышы күтүлүүдө.

Какчекеевдин айтымында, чек ара маселесин көтөрүп чыгуу менен аталган көйгөйдү чечүүгө чоң кадам ташталат. 

"Мурунку өлкө башчылары чек ара тууралуу маселени кабыргасынан койгондон негедир "уялышчу". Мунун кесепети узак жылдарга созулуп, натыйжада маселе эгемендик алган алгачкы жылдарга караганда бир топ татаалдашып кетти", — деди эксперт.

Саясат таануучу буга чейин ШКУ же ЖККУнун базасында архивдик документтер менен иш алпара турган өкмөттөр аралык комиссия түзүлүшү керек болчу деген пикирин билдирди.

"Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жеңил эле чечүүгө болмок. Биз анын ордуна чек арадагы атышуулар жөнүндө окуп беймарал жата бердик. Мында 1917-1918-жылдардагы документтерге таянуу зарыл. Анткени андан кийинки архивдик материалдар бурмаланып, тарыхый кырдаал өзгөрүп кеткен", — дейт Какчекеев.

Эксперт бүгүнкү күндө чек ара маселеси чечилиши толук мүмкүн экенин белгилейт. Анын айтымында, президент бул ишке чындап киришип жатат. 

"Бизге карата бир топ чагымчыл аракеттер болууда. Атамбаевдин башка президенттердин кемчилигин жойгону чыныгы каармандык болуп саналат. Баарыбыз эле Акаев менен Бакиевдин Кыргызстандын жерин оңду-солду таратканын жакшы билебиз. Азыр мына ошолордун кесепетин тартып жатабыз", — деди саясат таануучу. 

Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагынын жалпы узундугу 1,378 миң чакырымды түзөт. Анын 1007 чакырымы эки тараптан тең расмий таанылган, ал эми калганы талаш-тартышты жаратып келет. 

Кыргыз-тажик чек арасынын 567 километринин 519у сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бекиген.

Жаңылыктар түрмөгү
0