БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Өзөктүк программа боюнча Иранга карата жарыяланган санкциялардын алынышы анын Кыргызстан менен соода мамилесин сапаттуу деңгээлге чыгара турганын мурунку вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.
Эксперттин айтымында, Ирандын өзөктүк программасы батыш мамлекеттери эле эмес, коңшу өлкөлөрдү да тынчсыздантып жатат. Мындан улам, аталган мамлекетке карата саясий, аскердик жана соода-экономикалык санкциялар киргизилген.
"Алтылык мамлекеттери үч жылдан бери өз ишин аткарып келе жатат. Мында Россия менен өз ара кызматташуунун негизинде Ирандын жолго коюлган, көйгөйдү жөнгө салууга багытталган өзүнүн тышкы саясаты менен жүргүзүлгөн аракеттери аягына чыгууда", — деди Мамытов.
Анын пикиринде, Жакынкы Чыгыш эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү аталган маселенин чечилишине көз салып турат.
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Инин билдирүүсү боюнча, алдыдагы эки күн аралыгында "алтылык" Иран менен биргеликте Тегерандын өзөктүк көйгөйүн чечүү боюнча ири макулдашууга жетиши мүмкүн.
"Биз аталган көйгөйлөрдү чечүүгө болот жана макулдашууга жетүү мүмкүн деп эсептейбиз. Калган маселелердин бүгүн, эртең бардык тараптар, биринчи кезекте Иран менен АКШ тарабынан чечилиши абдан чоң мааниге ээ", — деди Ван И өзөктүк программа боюнча Венага кайтып келип, журналисттерге берген маегинде.
Министр анын кайтып келиши Кытайдын иран өзөктүк программасы боюнча макулдашууга жетишүүгө кызыкдар экенин белгилейт деп кошумчалады.
Мамытовдун айтымында, эл аралык коомчулуктун көңүлү Жакынкы Чыгыш мамлекеттери – Сирия, Ливиядагы көйгөйлөрдүн терс жыйынтык алып келишинен улам Иран маселесине өзгөчө бурулуп турганын белгиледи.
"Бул өлкөлөрдө болуп өткөн окуялар жана кризистен кийин Иран мамлекетте түзүлгөн аскердик-саясий оор кырдаалдан чыкты. Ал эми аталган мамлекеттердеги кандуу окуяларга Ирандын дал ушул өзөктүк программасы себепчи болгонун айта кетүү керек."
Өзөктүк программанын чечилип, эл аралык изоляциядан чыккандан кийин Иран башка мамлекеттер менен экономикалык алакасын жакшыртууга мажбур болот. Бул өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар. Бул жагдайда Иран ШКУ, ЕАЭБ жана ЖККУ менен интеграциялык процесстерге кызыкдар болот.
"Эртеби-кечпи, Иран бул уюмдардын катарына кирет, бул Кыргызстанга автоматтык түрдө эки мамлекеттин ортосундагы соода байланышын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди эксперт.
Бул багыттан алып караганда, Иранда атомдук электростанциялар комплексинин курулушу жана атомдук энергетиканын өнүгүшү алыска ташталган кадам болот деп кошумчалады Мамытов.
"Бардык мамлекеттер өз ара байланышта, качандыр бир кезде биз дагы нефть өндүрүмү эле эмес, электр энергиясын экспорттоо жана импорттоо боюнча бирдиктүү системага келебиз", — деди эксперт.
Аналитик 15-20 жылдан кийин нефть өндүрүмү азая баштаганда өзгөчө Иран, Россия жана Казакстандын суу ресурстары евразиялык контингенттин өнүгүшүнө түрткү берерин белгилеп өттү.
Ирандын өзөктүк программасынын аягына чыгарына аз убакыт калды деп ишеним артып турабыз. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн оң жагына чечилиши Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн да маанилүү деп оюн жыйынтыктады Мамытов.