БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Ак-Суу районунда Жыргалаң суусуна агып кеткен беш жашар Дилшат Хайыпбаевдин сөөгү табылганын ӨКМ маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык 5-июль күнү саат 17.30 чамасында болгон. Издөө иштерин Каракол шаардык №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүшкөн.
Баланын жансыз денеси 6-июль күнү саат 12:25 чамасында Михайловка айылында көлдүн жээгинен табылып, туугандарына өткөрүп берилди.