Элчи Өмүралиев: Белоруссия — биздин шериктеш

© Фото / из личного архива Кубанычбека ОмуралиеваКыргызстандын Беларуссиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев. Архив
Кыргызстандын Беларуссиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосундагы алака, дипломатиялык мамилелердин жакшырышы жөнүндө Sputnik агенттигине Кыргызстандын Беларуссиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев айтып берди.

Кыргызстан 2012-жылы Белоруссиядагы элчиликтин ишин токтотуп койгон. Минскиде биздин өлкөнүн иштери боюнча убактылуу ишеним ыйгарылган өкүл гана иштеп келген. Кубанычбек Өмүралиев Белоруссиягы элчи болуп үстүбүздөгү жылдын майында дайындалып, жакын арада өз милдетин аткарууга киришет.

— Кубанычбек Касымович, сиз 2012-жылдан бери КРдин в Белоруссиядагы биринчи элчиси болосуз. Сиздин миссия — эки өлкөнүн ортосундагы салкын мамилелерди жөнгө салуу. Аны аткарууну эмнеден баштоо керек деген ойдосуз?

— Бардык башка дипломатиялык миссиядай эле, биздин элчилик да эки тараптуу мамилелерди өрчүтүүгө болгон аракетин жумшайт. Беларуссия айрыкча соода-экономикалык мамилелерде — биздин шериктеш. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши буга далил. Биз баарыбыз бирдиктүү экономикалык мейкиндикке келебиз.

— Кайсы тармактарда аракеттерди жүргүзүү керек? 

Кобяков: Беларусь Кыргызстан менен кызматташууга кызыгат
— Биринчи кезекте, ЕАЭБдин алкагында соода-экономикалык мамилелерди калыбына келтирип, андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөбүз. Маданият жана билим берүү тармактарында кызматташууга зор мүмкүнчүлүктөр жана каалоо-ниет бар. Саламаттык сактоо тармагында да кызматташууну кеңейте алабыз. Бул багыттар боюнча кадамдар иштелип чыккан.

Өкмөттөр аралык комиссия өз ишин кайра жандандырды. Кыргызстан менен Белоруссиянын көп жалпы жактарынын болушу чоң артыкчылык берет. Биринчи кезекте бул СССРдин курамындагы жалпы тарыхыбыз. 

— Азыр Белоруссияда биздин өлкөнүн канча жараны бар жана алар эмне менен алектенет?

— Кыргызстандыктар ал жакта аз. Расмий маалыматтар боюнча, алардын саны жүзгө жетпейт. 

— Чакынкы Чыгышты Европага алмаштыруу сиз үчүн кыйын болгон жокпу?

— Биз кайсы жерге дайындаса, ошол жерде милдетибизди аткара беребиз. Ишиме байланыштуу дүйнөнүн көп жерлеринде – Америкада да, Чыгышта да болдум. Эми мына Европанын борборуна барам. Белоруссия географиялык жактан Европанын так ортосунда эмеспи.

— Чыгыш Европада болгон соң, элчиликтин иши Белоруссия менен эле чектелбесе керек?

— Ооба, биз дипломатиялык милдетти бир гана Белоруссияда эмес, Балтика өлкөлөрү Латвия менен Литвада да алып барабыз. Акыркысы менен азырынча экономикалык байланыш жок, аны түзүү керек. Кызматташуу тыгыз жана жигердүү болот деген үмүттөмүн. 

— Дипмиссия соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кандайча жардам берет?

— Бул башкы максаттардын бири. Ошондой эле саясий, маданий жана башка мамилелерди жөнгө салып, жакшыртууга милдеттүүбүз. Менин жеке принцибим: тоскоол болбой, жөн гана көмөк көрсөтүп, болгон күч-аракетти жумшоо. Биз бардык тармактарда мамилелерди жакшыртуу үчүн аракет кылабыз. 

— Экспорттун келечектүү багыттары эмнеде?

Минск шаары, Архив - Sputnik Кыргызстан
Беларусь парламенти Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн ратификациялады
— Өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүлөр акыркы жылдары төмөндөп кетти, бирок мунун себеби бар, анткени жаңы өнөктөштөр пайда болду. Азыр баягы союз убагы эмес да. Ошол эле айыл чарба техникасын алып көрөлү. Биздин фермерди аны сатып ал деп мажбурлай албайсың да. Ар ким түрдүү технологияларды: кытайдыкын, Россиянын, батыштын чыгаргандарын пайдаланат. Белоруссия өз техникасын чыгарат. Мүмкүнчүлүктөр бар, аларды рынок аныктайт, жана баары биздин керектөөчүлөргө жана сапаттуу өндүрүмдөрдү татыктуу баада жөнөтүп туруучу эки тараптын өндүрүүчүлөрүнө жараша болот. Байланыш үчүн тоскоолдуктарды мен көргөн жерим жок. Дагы бир жолу кайталайын, биз бир экономикалык мейкиндиктебиз жана бул өнөр жай менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү жана медицина тармагында да чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

— Кыргызстан менен Белоруссиянын мамилелеринде эки негизги маселе бар. Алардын бири — мурдагы президентти өткөрүп берүү, экинчиси — криминалдык авторитет Алмамбет Анапияевдин үстүдөгү жылы мартта болгон өлүмүн тергөө. Бул маселелердин чечилишин кандайча алдыга жылдырасыз? Өкмөт, президент тараптан бул маселелерди жылдыруу милдети коюлганбы?

— Алар менен укук коргоо органдары алектенет. Бул алардын милдети, ал эми биздин милдет – аларга көмөк көрсөтүү. 

— Кызмат орду сунушталганда кандай кабыл алдыңыз? 

— Чынын айтсам, күтүүсүз болду. Бирок мага ишеним артылган соң, иштейбиз. 

— Минскиге үй-бүлөңүз да барабы?

— Балдарым чоңойгон, неберелерим да бар. Алардын өз жашоосу өзүндө. Ошондуктан жубайым экөөбүз гана кетебиз. 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикер Жээнбековду Минскиге иш сапары менен келип кетүүгө чакырышты
— Беларуссиядан инвесторлорду Кыргызстанга тартса болобу?

— Эмне үчүн болбосун? Инвестицияларга эч чек жок. Биргелешкен ишканалар да инвестициялык негизде түзүлөт. Алгачкы кадамдар да дал ушул багытта болот. Мен ишимди жаңы гана баштаганы турам, командамдын маанайы жакшы. Биздин мамлекеттердин, элдердин ортосунда эч качан кыйынчылык болгон эмес. Албетте, айрым бир маселелер бар, бирок алар чечиле турган суроолор.

Жаңылыктар түрмөгү
0