БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) академиясын кыргызстандык 11 бүтүрүүчү аяктаганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлнда УКМКнын борбордук аппаратында Россиянын ФКК бүтүрүп келген курсанттардын урматына салтанаттуу кече болуп өттү.
11 бүтүрүүчүнүн ичинен экөө окуу жайды алтын медаль, дагы экөө кызыл диплом менен аякташкан.
Иш-чарага УКМК жетекчилиги, коопсуздук органдарынын ардагерлери жана ата-энелер катышты.
УКМК жетекчиси Бусурманкул Табалдиев өз сөзүндө жаш чекисттерге улуттук коопсуздук кызматкери деген атка татыктуу болуп, кыргыз элине чын дилинен кызмат кылуусун каалады.
Майрамдуу салтанат учурунда жеке курал жана кызмат күбөлүктөрү тапшырылып, бардык бүтүрүүчүлөргө лейтенант наамы ыйгарылды.