БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген учурдан тарта кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги бажы көзөмөлү жоюлат турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
2015-жылдын 21-майында Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишимди протоколдору менен биргеликте ратификациялап, мүчө-мамлекеттерге парламенттин жайкы каникулуна дейре ратификациялоо өтүнүчү менен кайрылган.
Армениянын Улуттук чогулушу Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө келишимди жактырды. Белоруссия, Россия жана Казакстан ички мамлекеттик процедураларды улантууда.
8-майда Москва шаарында Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча келишимге кол койгон.