БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде 14-16-июнь күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүшү мүмкүндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +22…+27, тоо этектеринде +15…+20, бийик тоолуу райондордо +3…+8 жылуу болушу күтүлөт.
Мындай жаан-чачын жана температуранын кескин төмөндөшү айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Министрлик кырдаалдан улам адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу чараларын жана ага даярдыкты күчөтүү зарыл экенин эскеретет.