БИШКЕК, 13-июнь — Sputnik. Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов азыр он жашта. Мүнөзү ойноок, бирок, суроого бир аз ойлоно калып жооп берген, Манас боюнча өзүнүн эч кимге бербеген чоң ишеними бар, жакпаган нерсесин так кесе айткан бала болуп өсүп келе жатыптыр. Манасчылык өнөрү улам күчөп бара жатканы байкалып турат.
Биз Үмөттү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында эл аралык иш-чаранын катышуучуларына президент Алмазбек Атамбаев тарабынан берилген сый-тамак учурунда концертке катышып чыккандан кийин тосуп алдык. Ал чарчадыңбы деген сурообузга жок деп жооп берип, бирок, Манасты азыраак айтып калганын билдирди.
"Жаңы эле э-ээй…. баштаганда эле бүттү дешет… Айтып бүткөндөн кийин токтотпойбу. Жана мени бирөө көтөрүп кетти. Болду, болду дешет. Негизи баштагандан кийин көп убакыт айткым келет да", — деди.
Үмөттүн дүйнөсүндө Манас башкача, аялуу жана кол тийгис экенин байкоо кыйын эмес. Анын Манас атасына Кыргызстанда тургузулган эстеликтерге ичи чыкпайт экен. Биз эстеликтерди четинен санап кирдик.
"Кокуй, ал эстелик жарабайт, Филармониянын алдындагыбы? Кипкичинекей кылып коюптур. Манас ата килейген киши болгон да. Анан жанагы эки арстаны бар жакшы экен, бирок саал окшошпой турат. Негизи алар Манасты окубай эле жасап коюшкан окшойт", — деди Үмөт нааразы түр менен.
Баланын көөнү — Манаста
Ал эми "Манас" эпосун азырынча атасы Болот окуп берет экен.
"Азыр болбойт, мен 6-7-класска барганда өзүм окуп баштайм. Ошондо баары жакшы болот. Манас ата деген өлбөйт, ал эмне кылсаңар да, такыр өлбөйт ", — деди ал.
Үмөттүн апасы Бактыгүлдүн айтымында, атасы эпосту окуп берип жатканда тынч отуруп укпайт, ары-бери чуркайт, отургучка чыга калат, үстөлдүн астына кирип кетет, кээде мультфильм да көрөт, бирок көөнү Манаста.
Биздин каармандан бош болгондо эмне менен алектенип, кайсы китепти окууруна кызыктык.
"Негизи үйдөн эч нерсе кылбайм, апам суу ташыса, канистраларды көтөрүшүп, анан үстөлдүн үстүн жыйнап берем. Апендинин жоруктары боюнча китепти жакшы көрөм. Ии, анан мага машиналардын ичинен өлө күчтүү – Ферари жагат. Анан Бугатти, Мустанг, Ломбарджини да сонун", — деди.
Манасчылык өнөрү менен алыскы-жакын өлкөлөргө чыгып, ал жактагыларды суктантып келет. Жакында эле соңку сапары Түркияга болуп, түрк туугандар алакан ысыгыча кол чаап, таасирленгенин жашырбай улам-улам айтышыптыр.
Аккан арыктан суу агат
Үмөттүн манасчылык касиети анын ата-бабасынан берилгендигин апасы Бактыгүл айтып берди. Үмөт мындан 10 жыл мурда Нарын облусунун Миң-Булак айылында (мурдагы Куйбышев) туулуптур. Ал эми кезегинде бул жерди атактуу, кадимки Тыныбек манасчы жердептир.
"Ал улуу манасчынын таланты, касиети берилгенби деп ойлойбуз. Негизи эле бул касиет чоң атасында, атасында, Үмөттөн улуу эки баламда да бар. Азыр эстесем, курсакта жатканда эле угуп чоңойгон экен. Кош бойлуу кезимде улуу эки уулум атасы бир жакка кеткенде отуруп алып, узак убакыт манас айтышып, мен алардын тексттерин улам эстетип, айтор, кечке айтышчу. Кийин жазуучу Бексултан Жакиев Үмөт туурасында "бала курсактагы кезинде бул касиет менен жетилген" дегенин угуп, чын эле деп ынандым", — деди апасы Бактыгүл.
Учурда Үмөт ата-энеси менен бирге Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жашайт. Өзүнөн улуу эки агасы учурда студент.
Үмөткө жакында "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наам ыйгарылды, ал Кыргызстандын тарыхындагы бул төш белгиге ээ болгон биринчи мектеп окуучусу.