— Дүйнөлүк коомчулукту түйшөлдүргөн маселелердин бири – "Ислам мамлекети" ("Даеш") болуп турат. Кыргызстанда да бул радикалдык уюмга байланышкан баш оору жаралды, мындан аркы абал кандай болот?
— "Ислам мамлекети" ("Даеш") менен Кыргызстанга байланышкан суроолорду бир топко бириктирип, бардык мамлекеттер үчүн жалпылаштырып кароого болбойт. Ар бир өлкөнүн ичиндеги абал ар кандай. "Аль-Каида" сыяктуу эле "Ислам мамлекети" да ири геосаясий оюндардын продукциясы. Бул мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда эмес, ириде чоң державалардын Батыш блогундагы ортосунда жүрүп жатат.
— Айтсаңыз, чала сабат эмес, илим-билимдүү полковник Тажикстандагы ОМОНдун башчысы Гулмурод Халимовдун радикалдык уюмга кирип кетиши эмнеден кабар берет?
Коңшулардагы мындай репрессиялык ыкмалардан улам ири көмүскө аскерий оппозиция пайда болгон. Учурда бул адамдар менен эч кандай диалогго барууга болбойт жана аны кайра ынандырууга, радикалдык көз караштарын өзгөртүүгө эч мүмкүн эмес. Аталган мамлекет аларды тоготпой, андан сырткары репрессиялык ыкмаларды колдонгон агрессивдүү саясатты жүргүзүп жатат. Биз Европа дагы, Америка дагы эмеспиз, жаныбызда Афганистан жайгашкан. Биздин тарыхый жолубуз башка, көз караштарыбыз башка.
— Дегеле, бул радикалдык уюмдун Борбор Азияга кооптуулугу канчалык, себеби буга чейин биздин кошуна мамлекеттердин чек арасында бир топ күчтөрү топтолду деген маалыматтар тараган эле?
— Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен, Кыргызстанда бул жагдайга кандай прогноз бересиз?
Биз башкалардай болуп жоолук менен сакалга тыюу салбай, коомчулукта социалдык абалдын жарылып кетишин чыгарбай турган шарттарды түзгөнгө умтулушубуз зарыл. Ошондо гана мусулмандык, христиандык же светтик адамдар болобу коомчулукта чыңалуунун деңгээли жумшара баштайт. Ошондо гана "Ислам мамлекетиби", "Хизб-ут –тахрирби", андан сырткаркы деле дүйнөнүн үшүн алган бир канчалаган уюмдардын келишинин алдын алабыз. Андыктан, биз болушунча түштүктө кезектеги тирешүү чыгып кетпешине, жаңы ыңкылаптар үчүн шарттардын түзүлбөшүнө аракет кылышыбыз зарыл.
— "Ислам мамлекети" долбоору дагы канчага чейин кооптуулук жаратып турушу мүмкүн? Эксперттер коомунун бир бөлүгү анын утурумдук экенин, башкалары жайылып, тамырлап кетээрин айтышат…
— Жакынкы Чыгыш региону Батыш державалардын тышкы саясат боюнча стратегиялык пландарына карата толугу менен башка форматка өтүп, өзгөрмөйүн "Ислам мамлекети" жашап тура берет. Аталган региондогу азыркы формат Сирия, Ирак, Ливан, Иордания, балким толугу менен кайра түзүлүп, өзгөрүлүп, балким, жаңы мамлекеттер пайда болот. Же баш-аламандык өкүм сүргөнгө чейин барат. Мен азыр так айта албайм. Бирок, кандайдыр жаңы аймактар түзүлгөндө деле ал жерде туруксуздук дайыма жаралып турат. Анан ошол ири кызыкдар болгон тараптар жетер-жерине жетип калганда, таптакыр башка долбоорду сунушташат, ал жергиликтүү элге жакпаса да, согуштан, башаламандыктан, оорудан, ачкачылыктан чарчаган калк кандай гана багыт болбосун кабыл алып, көнө берет.