БИШКЕК, 5-июнь — Sputnik. УКМК Ысык-Көлдө мыйзамсыз иш алып барган чет элдик жарандарды аныктаганын комитеттин маалымат кызматы билдирет.
Ири масштабдуу текшерүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн 39 чет элдик жаран ачыкталган.
Текшерүү учурунда Ысык-Көл облусуда мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн 39 чет элдик жаран аныкталды.
Мындан тышкары, "Каркыра Автодорожный" көзөмөл пунктунан жасалма документ менен өтүүгө аракет кылган 1989-жылкы жаран кармалды.
Аталган окуяга карата УКМК Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 346-беренесинин (Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Аныкталган фактылар боюнча административдик укук бузуу актылары түзүлүп, тийиштүү чараларды көрүү максатында Ысык-Көл ОИИБге жиберилди.