БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жүргүзгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынан беш адам иштен бошотулду. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
ИИМдин билдирүүсүндө кызматтык териштирүү учурунда 15-май күнү милициянын прапорщиги Бакыт Курмангожоев Жайыл районунда кызмат өтөп жаткан. Саат 23.00 чамасында өзүнүн өнөктөшү Чүй областынын Ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы башкармалыгынын инспектору, милициянын старшинасы Жарашбек Маматкеримов менен телефон аркылуу байланышат.
Сөз учурунда тил табыша албагандыктан, Кара-Балта шаарындагы "Алмаз" автоунаа токтоочу жайдын жанында жолугууну чечишет.
"Жолугушуу учурунда алар мушташа кетип, Маматкеримов өзүнүн табелдик куралынан эскертүү иретинде ок чыгарат. Натыйжада, Курмангожоевге ок жаңылып, Жайыл райондук ооруканага жеткирилет", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.
Жарадар болуп жеткирилген ооруканада жабыр тартуучуга "белинин сол жагына ок тийип жарадар болгон, кежиге тушу бир нерсе тийгенден айрылып кеткен, сол таманы көгөргөн, мас" деген диагноз коюлган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун аталган кызматынын инспекторлору Курмангожоев жана Маматкеримов ИИМдин буйругу менен иштен бошотулду.
Ошондой эле Чүй областынын ИИББдин Жол кайгуул кызматынын взвод командири менен аталган кызматтын башчысы ээлеген кызматынан алынды.
Кызматка толук жооп бербестиги жөнүндө эки кызматкерге эскертүү берилип, дагы Жол кайгуул кызматынын эки кызматкерине сөгүш жарыяланды.
Чүй облусунун ИИББдин Жол кайгуул кызматынын ызматкерлеринин мас абалындагы мушташы боюнча аталган облустун прокуратурасы тергөө жүргүзүп баштаган.