CSM: Батыштын кысымы Россиянын жарандарын мурда болуп көрбөгөндөй бириктирди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКрым менен Россиянын биригишине багышталган концерт. Архив
Крым менен Россиянын биригишине багышталган концерт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия коомчулугу Украинадагы окуялардын жана Батыш менен мамилелердин курчуган шартында биригүүдө. Көпчүлүк жарандар өлкө үчүн "зор мүмкүнчүлүктөрдүн" мезгили жеткенине ишенет деп жазат Christian Science Monitor.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Россиянын жарандарында атуулдук сезими улам барган сайын күч алып, батыш мамлекеттери алардын өлкөсүнө дос эместигин түшүнүү тереңдөөдө деп жагат РИА Новости Christian Science Monitor кабарчысы Фред Уэйрге таянуу менен.

USA Today гезитинин биринчи бетинде Украинанын Крым киргизилбеген картасы чыкты
Россиянын көпчүлүк жарандары Крымдын аларга кошулушун жана 2014-жылы Украинада болгон мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Москва Донбасстагы орус тилдүү калктын кызыкчылыктарын коргоп жатканын колдойт. Украинадагы абалга байланыштуу Батыштын РФке карата агрессивдүү сөздөрү окуяларды кабыл алууда россиялыктардын жана европалыктар менен америкалыктардын ортосунда зор айырма бар экендигин көрсөтөт. Өзгөчө АКШ президенти Барак Обаманын өткөн жылы БУУнун Башкы ассамблеясында "Россиянын Европадагы агрессиясы" жөнүндө жана Россия дүйнөлүк коопсуздук үчүн башкы коркунучтардын бири деген оюн билдирип сүйлөгөн сөзү айрым жарандарды таң калтырганын белгилейт автор. 

"Бул мени эле таң калтырган жок. Кесиптештеримдин баары үчүн бул күтүүсүз болду. АКШ президенти биздин өлкөнү вирус (Эбола – ред.) жана террористтик топ ("Ислам мамлекети" – ред.) менен кошо кара тизмеге киргизип койду. Эми баары түшүнүктүү. АКШ анык жүзүн ачып көрсөттү. Ал бизге дос эмес, бул "өз" — "бөтөн" деп бөлгөндүк. Муну мен толук түшүндүм", — деген россиялык ишкер Павел Мелиховдун сөздөрүн келтирет CSM.

Украинадагы окуяларга байланыштуу россиялыктар өлкөдө болуп жаткандар жана Россиянын дүйнөдөгү орду жөнүндө ойлонуп калышты. Алар өзүлөрү батыш элдериндей эместигин, РФтин өз кызыкчылыктары бар экенин жана өзүнөн башка эч кимге кылбаш керектигин түшүнө баштады деген "Десантник" аскердик-атуулдук клубдун жетекчиси Юрий Шапариндин пикирин келтирет басылма.

"Биз согушту каалбайбыз жана Батышты душман деп эсептебейбиз, бирок аскер базалары менен курчап, Украинадан баш тартууга мажбурлап жана биздин өлкөдөн калгандын баарын кыйратуу менен, бизди бурчка такап аргасыз абалга коюп жатышканын көпчүлүк эл көрүп турат. Биз бул жерде (аскердик-атуулдук клубда – ред.) Россия санкциялар менен НАТОнун коркутууларын жеңе ала тургандыгына үйрөтөбүз. Бул үчүн россиялыктар көбүрөөк маалымат алып, күчтүү жана дени сак болуп мыкты мамлекетти курууну каалашы керек. Тышкы кысымга баш ийүүдөн эч пайда чыкпайт", — деп эсептейт Юрий Шапарин.

Евроизоляция - Sputnik Кыргызстан
Украина Россия менен чек арасында Берлин дубалына окшош дубал орнотот
Акыркы чейрек кылымда жарандар мурда эч болуп көрбөгөндөй баш кошуп жатат. Атуулдук умтулуулар ачык көрүнүп турат, бирок азырынча улуттук өзүн өзү таануучулук кандай болушу керектигин азырынча калк айкын түшүнө элек деп эсептейт көз карандысыз саясий эксперт Маша Липман.

Ошону менен катар, россиялыктар өз атуулдук сезимдерин иш-аракеттер менен көрсөтүүгө дагы үйрөнүшү керек деп белгилейт CSM. Алар коомдук акциялыр менен кыймылдарга анча катышпайт. Мындан сырткары, басылманын пикиринде, Украинада болуп жаткан окуяларды жана Россия менен батыштын ортосундагы мамилелерди элдин кабыл алуусуна өлкө жетекчилигин көз карашы жана окуялардын россиялык маалымат каражаттарында чагылдырылышы да таасир кылууда. 

Россиянын көпчүлүк жарандары өз турмушун жакшы жакка өзгөртө алышарына ишенет. 

"Биз кырдаалды жана ушул күч-кубатыбызды пайдаланып калышыбыз керек. Мен элдин мынчалык биримдүүлүгүн жана жаңы нерселерди жаратууга даярдыгын мурда көргөн эмесмин. Менм үчүн атуулдук бир нерсени жаратуу, ишкердикти жакшыртуу, бөлөктөргө бир нерсе баштоого жардам берүү дегенди билдирет. Бул биз жана биздин өлкө үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили болушу ыктымал", — деген Павел Мелиховдун пикирин келтирет CSM.

Жаңылыктар түрмөгү
0