00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:03
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жерүй кенин россиялык "Восток-геолдобыча" ишкана иштетмей болду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСамосвал. Архив
Самосвал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссиянын чечими менен "Восток-геолдобыча" ААКы 405 упай топтосо, анын атаандашы "Кыргызалтын" 305 упай гана топтоду.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Конкурстун жыйынтыгы менен Жерүй алтын кенин иштетүү укугу "Восток-геолдобыча" ААКына профилдик комиссия чечими менен берилди.

"Восток-геолдобыча" ААКы, "Алданзолото ГРК" жана "Кыргызалтын" ААКы аталган кенди ишитетүү укугун алуу үчүн арыз беришкен. Конкурстук комиссиянын чечими менен үч компания тең конкурстун экинчи туруна өткөн. Кийин "Алданзолото ГРК" компаниясы конкурска катышуудан баш тартып, арызын чакыртып алган.

Эс алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик геология "Жерүй" кен жайын төрт жылдан кийин ишке киргизүү ниетинде
Комиссия жеңүүчүнү сегиз пункт менен аныктаган. Анын ичинде социалдык пакеттин сапаты, кенди иштетүү жана андагы алтынды өндүрүү, инфраструктураны жакшыртуу боюнча сунуштар каралган. Комиссиянын чечими менен "Восток-геолдобыча" ААКы 405 упай топтосо, анын атаандашы "Кыргызалтын" 305 упай гана топтоду.

Аталган алтын кенин иштетүү укугун алуу лицензиясы үчүн баштапкы бааны 100 миллион доллар деп бекиткен. "Кыргызалтын" ААКы лицензия үчүн 111 миллион доллар сунуштаган. "Восток-геолдобыча" ААКы 11 миллион аз сунуштаган. Жобого ылайык,  жогоруда сунушталган сумманын ар бир 10 миллионуна бирден упай берилген.

Конкурстун жыйынтыгына канааттанбаган "Кыргызалтын" Геология минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти сотко бере турганын билдирди.

Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер: алтынды элге сатуу – инвестицияны өнүктүрө турган мыкты ыкма
Талас облусундагы Жерүй кени "Кумтөрдөн"  кийинки эле ири алтын кени болуп саналат. Жерүйдөгү алтындын кору болжолдуу эсеп менен 100 тонна.

"Восток-геолдобыча" ААКы Муса Бажаевдин "Русская платина" мамлекеттик концернинин бир бөлүгү болуп саналат.

2010-жылы өкмөт "Жерүйалтын" ЖАКка Жерүй кенин иштетүү укугун берген лицензиясын жокко чыгарган. Анын 60 пайыз акциясы Consolidated Exploration Holdings Ltd (бул компаниянын ээлери казакстандык Visor холдинги эсептелет) компаниясына таандык. Калган 40 пайызы мамлекеттик "Кыргызалтын" ишканасына таандык. Лицензия жокко чыгарылгандан кийин аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери Кыргызстандын сотторунда каралган. 2012-жылы "Жерүйалтын" ЖАК Вашингтондогу Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуучу эл аралык борборго арыз менен кайрылган. Келтирилген чыгым үчүн аталган компания Кыргызстандан 548 миллион доллар талап кылууда. Аталган иш боюнча сот ушул жылдын ноябрь айына белгиленген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0