БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Акчаны кымбат баалуу металл түрүндө сактоо жолдорун Кыргызстанда өнүктүрүү керек. Мындай пикирин экономика боюнча эксперт Улук Кадырбаев Sputnik маалымат сайтына билдирди.
Президент жума күнү Салык кодексине элге алтын менен күмүштү куйма түрүндө сатууга уруксат берген түзөтүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Сатыла турган кымбат баалуу металл 1 граммдан 200 граммага чейин болот.
Мыйзамдын максаты — банктык кымбат баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүгө шарт түзүү, калк жана ишканалар үчүн аманаттардын жана инвестициялардын жаңы альтернативалык инструменттерин калыптандыруу.
Кадырбаевдин айтымында, азыр кымбат металлдар кандай жол менен бериле турганын, алар колго берилерин же депозит катары сакталарын аныктап алуу кажет.
"Эгерде Улуттук Банк алтынды сактагычтарда кармоого мажбур кылып, ал эми колго алтындын ээси деген кагаз бериле турган болсо, бул кызыккандарды чочулатышы мүмкүн. Себеби колуңа анын кагазын эмес, өзүн кармаган жакшы эмеспи", — деп белгиледи ал.
Кадырбаев акча кармоонун мындай жолу там-таш сатып алып же мал алып койгондон тажаган орто оокаттуу же бай кишилерге ылайыктуу.
"Кымбат баалуу металл жогоруда айтылгандай акча сактоонун өтүмдүү ыкмасы. Азыр алтындын бир унцийи 1, 194 доллар (31,1 грамма) жана ал дагы өсүп турат", — деп айтты эксперт.
Кадырбаев кымбат баалуу металлдарды элге сатуу менен Улуттук банк эле эмес, акча сала турган бош активдери болсо, коммерциялык банктар да иш алып бара алат деп эсептейт.