КР экспорттоло турган продукциянын баасын Европа биримдигине ылайыктайт

Жазылуу
КРде экспорттук продукцияны чыгаруучулар Евразиялык экономикалык биримдиктин гана эмес, ЕБдин да рыногун багындыруу ниетинде. Жана өндүрүмдөргө ылайыктуу бааны калыптандырып, атаандаштарды чететте алышса, муну ишке ашыруу толук мүмкүн.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстан экспортко чыгаруучу товарлардын баасы атаандаштык кыла алгыдай баада болуп, бирок ошол эле учурда өндүрүүчүлөргө зыян келтирбеши керек деп билдирди Sputnik менен болгон маегинде КРдин Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Бекташев.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунун алкагында айыл чарба жана башка өндүрүмдөрдү чыгаруучулар ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарлардын экспортун көбөйткөнү жатышат. Мында жашылча-жемиштерге, кургатылган мөмө-жемиштерге, жаңгак, сүт азыктарына ж.б. басым жасалмакчы. Өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттун көлөмү 493 миллион долларды түздү.

Бекташевдин айтымында, жергиликтүү ишкерлер экспорттук товарлардын бааларын анын өздүк наркына таянуу менен түзүүгө аргасыз. Ал эми өздүк нарк болсо товарды өндүрүүгө кеткен чыгымдар менен жумушчулардын эмгек акысына кеткен төлөмдөргө жараша түзүлөт. 

"Чынын айтыш керек, КРде эмгек акысы Өзбекстан менен Тажикстанга караганда жогору турат. Ошондуктан алардын товары биздикине караганда бир топ арзан", — деди адис.

Мамлекет өндүрүүчүгө өз товарын канчага балашы керектигин көрсөтүп буйрук кыла албайт деп кошумчалады ал. Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн жакында эле үч жылдык экспортту өнүктүрүү планы кабыл алынгандыгын белгиледи Бекташев. 

Аталган документ өзүнүн конкреттүү сунуштарын киргизген ишкерлердин жана чет элдик адистердин жардамы менен бир нече жылда иштелип чыкты.

"Биздин өнүгүшүбүзгө эмнелер тоскоол болуп жаткандыгын талкуулап, өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасаш керек болгон өзүбүз үчүн артыкчылык маанидеги секторлорду аныктап алдык. Аларга жашылча-жемиштерди өндүрүү, эт жана сүт өнөр жайы, текстиль бөтөлкөлөнгөн суу жана туризм кирет", — деди Бекташев.

Мындан тышкары, четтен жардам талап кылынуучу кайчылаш секторлор да аныкталган. Башкача айтканда, мамлекет продукциянын сапатын жакшыртуу, аны сертификациялоо, соода жана бажы процедураларын жеңилдетүү боюнча жардам берүүгө милдеттенет. Ошондой эле экспорттук багыттагы продукцияны чыгарууну насыялоонун абалын да жакшыртуу зарыл. 

"Өндүрүүчүлөр экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү ниетинде, бирок быйыл аба ырайы каргашалык кылып, көп сандагы айдоолорду үшүк алып кетти. Мүмкүн экспорт 2014-жылдын деңгээлинде сакталат. Бир аз кийинчерээк министрлик кайра эсептөөлөрдү жүргүзгөнү жатат", — дейт Экономика министрлигинин өкүлү.

Өткөн жылы эле Кыргызстан экспорттон 1,88 миллиард доллар киреше таап, анын 493 миллиону Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнө туура келет.

КР өзүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн ЕБ мамлекеттеринде да кеңейтүү ниетинде, себеби жергиликтүү өндүрүмдөрдүн сапаты бир топ жакшырат деп кошумчалады Бекташев.

"Биз ЕБнын жалпы преференциялар системасына арыз бердик. 2014-жылы Европа биримдиги өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн преференцияларды киргизген, ошон үчүн бизде Европа менен Түркияга товарлардын жети миңдей түрүн мамлекеттик салык төлөмүсүз алып кирүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Мындай укукка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстан менен Армения гана ээ", — деп билдирди башкармалыктын жетекчиси.

Ал тизмеге жемиш, кургатылган жемиш, төө буурчак, текстиль, булгаты буюмдары, тамеки ж.б. кирет. 

Экономика министрлигинин өкүлү Европанын аймагын он жыл бою товарларды мамлекеттик салык төлөмүсүз алып кирүү укугун алууга биздин олуттуу мүмүкүнчүлүгүбүз бар экендигин белгиледи. Европарламент арызды эки айда карап чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0