Каннингем: Россиянын жардамы керек болгондо, АКШ "агрессия" жөнүндө унутуп коёт

© МИД России / Медиабанкка өтүүПереговоры "шестерки" по иранской ядерной программе
Переговоры шестерки по иранской ядерной программе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык дипломатия кайсы бир көйгөйгө туш болгондо, мурдакы "агрессор" жана "Европа коопсуздугу үчүн коркунуч" жараткан Россияга жасалган "достук маанайдагы чалуу" жардамга келет. АКШ Москваны "оюнчук көрүп жатышы" – жаңылыштык деп эсептейт америкалык журналист.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама "дипломатиялык триумф" деп атоого үлгүргөн ядролук программа боюнча "алтылыктын" жана Ирандын келишүүсү Россиянын катышуусу жок мүмкүн эмес болчу деп эсептейт жазуучу жана журналист Финниан Каннингем.

Бир жума бою АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен Женева форумунун алкагында "алдын ала макулдашууга" жетишүү үчүн "жекеме жеке" форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн эске салат журналист. Андан соң "алтылыкка" мүчө калган өлкөлөрдүн — Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын, Кытайдын жана Россиянын ТИМ башчылары процесске зарыл жылыш берүү үчүн кесиптештерине кошулган, бирок анын жүрүшүнө россиялык дипломатиянын жетекчиси Сергей Лавров чечүүчү таасир берди. ЖМК билдирүүлөрүнө ылайык, ага Жон Керри өзү кайрылган болчу. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгындагы ийгилик үчүн россиялык дипломатиянын маанисине Мамлекетитк департаменттин өкүлү Мари Харф да көңүл буруп, Лозаннадагы сүйлөшүүлөрдө Сергей Лавров менен россиялык ТИМдин эксперттеринин "башкы ролун" жана көрсөткөн жардамын белгиледи дейт Каннингем. 

"Ушул ойду эске тутуп калсаңыздар. Бул акыркы 12 айдан бери Батыш желмогуз кылып көрсөтүп жаткан баягы эле Россия. Ушул мезгил аралыгында россиялык президент Европанын "жерин басып алып" жана, ал тургай, бүтүндөй дүйнөнүн бейкуттугуна коркунуч жараткандык үчүн айыпталып келет. <…> Американын расмий адамдарынын россиялык дипломатия жөнүндө сөздөрү Россияга карата наадандык менен жасалган провокацияларга жана айыптоолорго канчалык шайкеш келет?", — деген суроону берет эксперт.

Ирандан санкцияларды алып салуу мүмкүнчүлүгүнүн майда-чүйдөсүн жөнгө салуу үчүн Вашингтон өзү экономикалык кысым көрсөткөн дагы бир объект болуп эсептелүүчү Россияны жардамга чакырганда жагдайдын күлкү келерлиги өз чегине жетет деп жазат Каннингем.

Анын пикиринде, Вашингтон кезектеги жолу өз саясатынын ырааттуу эместигин көрсөтүп, америкалык бийликтин расмий кеп-сөздөрү менен конкреттүү жагдайларда жасагандары төп келбестигин ачыкка чыгарды. Бул Батыштын Россияга каршы ачыктан ачык жана агрессивдүү маалыматтык кампаниясы жок эле дегенде эч негизсиз экендигин жана акыл-эстүүлүк чегинен чыгып кеткен бой көтөрүүчүлүктү көрсөтөт деген ишеничте америкалык журналист. 

"Вашингтон Россияны Пекин сыяктуу эле оюнчук кыла берсе болот деп ойлоп жатат. Бир жагынан "агрессия" үчүн айыптап, эч негизсиз санкциялар киргизилсе, экинчи жагынан америкалык дипломатиянын олуттуу көйгөйлөрү туулганда Россияга "достук мамиледеги" телефон чалуулар жүрүшү буга күбө. Россия акыркы жылдарда туш болгон АКШнын мындай акылга сыйбаган келишпестигин эске алганда, албетте, Вашингтонго карата Москванын көтөрүмдүүлүгү чексиз боло бербейт", — деп жыйынтыктайт Каннингем.

Жаңылыктар түрмөгү
0