Эксперттер: КР өзүн күчтүү геосаясий оюнчу катары сындап көрүүдө

© Пресс-служба президента КРКР өзүн күчтүү геосаясий оюнчу караты сындап көрүүдө
КР өзүн күчтүү геосаясий оюнчу караты сындап көрүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европага болгон расмий иш сапары учурунда президент Атамбаев Европа дээрлик бардык өлкөлөрүнүн жана уюмдарынын жетекчилери менен жолугуп, КР демократияны өнүктүрүү жана олуттуу геосаясий оюнчу болуу принциптерин сактай тургандыгы жөнүндө айтып берди.

Атамбаев: Европа Биримдиги менен Россиянын позицияларын жакындатууга мүмкүн болду
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Европа мамлекеттерин расмий сапар менен кыдырып, анын алкагында Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин башкы жеетекчилери менен, ошондой эле Европарламенттин жана ЕККУнун башчылары менен жолугушту. 

Мамлекет башчысы республиканы дүйнөнүн ар тараптарын — Европаны Россия менен, Кытайды Азия менен байланыштырууга жардам болчу түйүнгө айлантуу ниети тууралуу билдирди.

Саясат таануучу Зайнидин Курмановдун пикиринде, Кыргызстан менен Европа биримдигинин калыптанган байланыштарын бекемдөө үчүн бул сапар мурда эле болушу керек болчу. 

"Европа биримдиги (ЕБ) менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер мындан ары да эч нерсеге карабай өрчүйт, анткени ЕБдин экономикасы күчтүү жана бул азыркы дүйнөнүн жакшы жактарынын бири. Аларды Борбордук Азиянын көп сандагы ресурстары кызыктырат", — дейт эксперт.

КР көп тараптуу кызматташтыкты өрчүтүү жолу менен аталган аймакка Европа биримдигинин кызыгуусун колдошу керек деп эсептейт ал.

"Өлкө европалыктардан көп нерсени үйрөнсө болот. Жаштарды окууга жиберип, алардын ишкердик жүргүзүү, экономиканы өнүктүрүү жана демократиялык мамлекетти куруу принциптерин үйрөнсөк жакшы болор эле", — деп баса белгиледи Курманов.

Азыркы баскычта Кыргызстан дүйнөнүн кайра жаралуусуна жана Европа менен Кремлдин кызматташуусуна жетиштүү деңгээлде таасир кыла албайт, ошентсе да республиканын геосаясий багыттагы чоң амбициялары тараптардын жакындашуусуна баары бир таасир этет.

"Биз жакындаштыруубуз керек жана бул биз үчүн чоң жылыш болот", — деп белгиледи эксперт.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов Атамбаевдин Европага жасаган сапары геосаясий маселелердеги сынак жана КРдин бул процесстеги катышуусуна сынак болду. 

"Толук түрдө геосаясий оюнчу болуш үчүн өз аброюн түзүү боюнча кырааттуу иш алып барыш керек жана аталгандай жолугушуулар үзгүлтүксүз жүрүп турушу зарыл", — деди саясат таануучу.

Анын пикиринде, президент өзү үчүн жаңы медиатордун ролун ойноду. Буга мисал катары, Атамбаев Европа коомчулугуна Россиянын билдирүүлөрүн берүүдө ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

"Украина каатчылыгына байланыштуу ага катышуучулар Атамбаевге канчалык ишене тургандыктарын түшүнүү керек. Кыргызстанга мындай маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жагынан кадыр-баркка ээ болушу талап кылынат, жана буга көп убакыт кетет", — деп белгиледи эксперт.

Картина толук болушу үчүн КРдин башчысынын иш сапары тууралуу европалыктардын да пикирин угуш керектигин кошумчалады ал.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун көз карашында мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң башкы каатчылык маселеси боюнча ортомчулук милдетин ийгиликтүү аткарды.

"Мурдараак 90-жылдарда Кыргызстан Тажикстандагы маселелерди чечүүдө тынчтык орнотуучу ролун аткарган. Бирок ал чыр-чатак аймактык болчу. Ал эми Украина маселесин чечүүгө катышуу өлкөнү жаңы геосаясий деңгээлге алып чыкты, жана Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп жатышы мында чоң роль ойноду", — деп баса белгиледи саясат таануучу.

Республика Евразия мейкиндигинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча Европа мамлекеттеринин башкы адамдары диалог жүргүзө турган оюнчу болот деп эсептейт эксперт. 

"Алар Ангела Меркель, Франсуа Олланд, Ханц Фишер, ЕККУнун жана Европарламентинин жетекчилери. Бул Батыш менен Россиянын ортосунда Кыргызстан башкы роль ойной турганын билдирет. Атамбаев Белоруссиянын лидерине караганда көбүрөөк ишеним жаратат, анткени КРди Батыш Белоруссиядан айырмаланып реформа жолу менен бара жаткан анык демократиялык мамлекет катары кабыл алат", — деп белгиледи Шестаков.

Ал мындай жолугушуулар Бишкекте да улантылып, Кыргызстан украин каатчылыгын жөнгө салуу процессинин катышуучусу боло алат деген үмүттө.

Европага жасаган сапары учурунда Атамбаевдин дагы бир жетишкендиги — республика ЕАЭБга кошулууну чечкенден бери ишке ашырылышы мүмкүн болгон Европа биримдиги менен КРдин ортосундагы экономикалык кызматташтык келечегине да жетише алды.

"Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өз товарларын европалык деңгээлге алып чыгууга анык мүмкүнчүлүгү пайда болду. Себеби ал эл аралык стандарттарга ылайык сертификацияланат. Ал эми экологиялык жактан тазалыгы жана атаандаштык деңгээлинин жогорулугу биздин айыл чарба өндүрүмдөргө өзгөчө артыкчылык берет", — деди Шестаков.

Бул сапардын алкагындагы Кыргызстандын бардык күч-аракеттери анын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жакшы роль ойнойт деп кошумчалады ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0