БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Central Eurasia Analytic Group аналитикалык долбоордун жетекчиси, өзбекстандык адис Владимир Парамонов Россия коопсуздук боюнча Борбордук Азиянын мурдатан берки келе жактан өнөктөшү болгондуктан, ал батыш өлкөлөрүнүн күчтөрүнөн айырмаланып кыжырданууну жаратпайт деп эсептейт.
— Бир катар ЖМКларда кабарлангандай, Түркмөнстандын бийлигинин аскер күчтөрүн көбөйтүп жатышына кандай карайсыз?
— Буга байланыштуу улуттук коопсуздукка эч кандай коркунуч же сыноолор жок деп ойлойм. Мындай күчтөндүрүү мыйзам ченемдүү көрүнүш, ошондуктан, тынчсыздануунун кереги жок. Ал биринчи кезекте Афганистандагы кырдаалга, ошондой эле Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрүнүн мурдатан берки келе жаткан алсыздыгына байланышкан. Бул маселени качан болсо да чечиш керек да. Түркмөнстандын жери чоң жана калкынын саны аз, ал эми баары бир түштүк тараптан өсүп келе жаткан кооптуулуктарга каршы күрөшүү керек. Мындай чечим чек аранын аркы бетинде террористтерден коргоону мурдатан өзүнө алып келген Афганистандагы түркмөн урууларына расмий бийлик эми таяна албай калгандан кабыл алынганы айкын. Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшыра баштаган соң, Ашхабаддын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүшү эч коркунуч жаратпашы керек деп дагы бир жолу айта алам.
— "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмунун коркунучуна байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрү кандай саясат жүргүзүшү керек?
— Өз күчүнө ишенип, жалгыз каршылык көрсөтүү эч натыйжа бербейт. Коңшулаш өлкөлөр менен өз ара иштешүүлөрдү өөрчүтүп, аталган кооптуулукка каршы турууга жамааттык иш-чараларды иштеп чыгуу зарыл деп эсептейм. Биргелешкен аракеттер менен гана чоң натыйжаларга жетсе болот, ошондуктан коңшу мамлекеттер менен эриш-аркак иш алып баруу жакшы гана болот.
— ИМге бөгөт коюу үчүн күчтөрдүн башын кошуу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен иш-аракеттери мүмкүнбү?
— Албетте, бул жакшы болмок, биригишүүнүн зарылчылыгы жана максатка ылайык келе тургандыгы баарына түшүнүктүү. Айрым мамлекеттер эки тараптуу негизде өз күч-аркеттерин жөндөштүрүп турат дечи, бирок иш жүзүндө баарыбызды кучагына ала кала турган бир баш коштуруучу бирикме түзүлөрү күмөн. Азыркы учурда буга шарттар жок, ошентсе да мындай мүмкүнчүлүктү четке кагууга болбойт жана көп нерсе аталган коркунуч эртеңки күнү кандай мүнөзгө келерине жараша болот.
— Аймакта Россиянын аскерлерин көбөйтүү зарылдыгы барбы?
— Тажикстан менен Кыргызстан жөнүндө айтсак, айрым бир экономикалык себептерге жана аскер курамдарын түзгөн Куралдуу күчтөрү менен күч түзүмдөрүнүн алсыздыгына байланыштуу улуттук коопсуздукту өнөктөштөр менен жамааттык коргонуу системасын куруу аркылуу камсыз кылынган артык. Бул жагынан Россия аймакта оң кабыл алынуучу жалгыз өнөктөш болуп эсептелет жана ал, мисалы, батыш же кытай күчтөрү менен базаларындай кыжырдануу сезимин пайда кылбайт. Россия Борбордук Азия үчүн мурдатан берки өнөктөш жана коопсуздук фактору болуп эсептелет.
Өзбекстан болсо баарын өз алдынча кылып жатат. Бул үчүн анын күчү, мүмкүнчүлүктөрү жан ресурстары жетиштүү. Бирок ага карабай, Өзбекстандын Россия менен мамилелери абдан жакшы, жана эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу алакаларды аныктоочу бир катар документтерди түзүп, кол коюшкан.
Россия Федерациясы башка тармактар менен катар коопсуздук жагынан Борбордук Азиянын эң башкы шериктеши болуп эсептелет.