00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Знают ли кыргызстанцы свои права и как повысить юридическую грамотность в обществе?
08:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
09:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
«Манас» в XXI веке: как эпос сохраняет свою актуальность и чему может научить нас сегодня?
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 7 млрд. сомдон ашты — дедолларизация, финансылык сабаттуулук
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Контроль и эффективность: как работают механизмы исполнения решений в Кыргызстане
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
0 мин
Структура личности
Современная поэзия – почему стихи актуальны в любую эпоху
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
“Экинчилердин биринчисиби?” Түркиянын экономикасы
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Мониторинг бизнеса: защита потребителей или новая волна проверок?
18:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
4-декабрь, "Манас" күнү. Эпосту жайылтууда кандай илимий иштер жүрүүдө?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Волшебный мир книг: как литература помогает детям расти
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Обама АКШнын Конгрессинин Киевге курал берүү сунушун четке кагышы ыктымал

© REUTERS / Jonathan ErnstАКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти көп учурда Конгресстин эмнени каалап жаткандыгы тууралуу ойлонбойт деп билдирет америкалык парламентарий Майк Роджерс.

БИШКЕК, 25-мар — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын башчысы Барак Обама Киевге курал-жарак берүү жөнүндө резолюцияны сөзсүз беките тургандыгына ишенич жок деп билдирет АКШ Конгрессинин мүчөсү Майк Роджерс Sputnik International кабарчысы менен болгон маегинде.

"Бул, албетте,мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок биз, конгрессмендер, эмнени каалап жатканыбызды АКШнын башчысы көп учурда көңүлүнө албайт", — деп бөлүштү Роджерс.

24-мартта АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы көпчүлүк добуш менен колдогон резолюцияда АКШ президентин өлүмгө учуратуучу коргонуу курал-жарактарын Украинага берүүнү колдоо сунушу айтылган. Бирок документ кеңештөөчү мүнөзгө гана ээ жана АКШ жетекчисин баш ийүүгө милдеттендирбейт.

Дагы бир конгрессмен Хэнк Жонсондун пикиринде, эгер Обама резолюцияга кол коё турган болсо, бул Украинадагы абалды андан да курчутуп жиберет.

"Мага бул документ АКШнын бийлигине азыр Украинада күйүп жаткан отко дагы отун салууга чакырык сыяктуу көрүнөт. Мен резолюцияга каршымын", — деп белгиледи Жонсон.

АКШнын Конгрессинде Украинага курал жиберүүнү колдоп добуш беришти - Sputnik Кыргызстан
АКШнын Конгрессинде Украинага курал жиберүүнү колдоп добуш беришти
Мурда АКШ Конгрессинин резолюциясына байланыштуу мамлекеттик департаменттин атайын өкүлү Жен Псаки билдирүү жасап, ал конгрессмендер өз чакырыгы менен Ак үй жүргүзүп жактан саясатка эч таасир кыла албай тургандыгын айткан.

Резолюциянын тексттин жазган конгрессмендер болсо өз иш-аракеттерин "көз карандысыз, демократиялык жана гүлдөп өсүп жаткан Украинанын эгемендүүлүгүнө кам көрүү" катары караш керек деген ишеничте.

Миңдеген адамдын өлүмүнө документтин авторлору Россия жооптуу дешет. Бирок качкындардын басымдуу бөлүгү РФте баш калка таап жаткандыгы тууралуу алар эч сөз айтпайт.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги америкалык курал-жарактын Киевге берилиши мүмкүндүгүн сынга алып, "провокациялык мүнөздөгү резолюция Минск макулдашууларына сокку уруп, Москваны ага жооп кайтарууга аргасыз кылат" деп билдирген.

"Нормандиялык төртиликтин" акыркы жолугушуусунун натыйжалары

2015-жылдын 12-февралында Минскте Россиянын, Германиянын, Франциянын жана Украинанын президенттеринин жолугушуусу болгон. Анын максаты Украинадагы, атап айтканда, Донбасстагы чыр-чатакты жөнгө салуу болчу. Узакка созулган сүйлөшүүлөр "Минск сүйлөшүүлөрүн аткаруу боюнча иш-чаралар комплекси" — 15-февралда түнкү саат 00.00дө ок атууларды ткототуу каралган документти кабыл алуу менен аяктаган эле. Анын дагы бир маанилүү пункту оор куралдарды четке алып чыгып, тынчтык тилкесин түзүү болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0