БИШКЕК, 24 мар — Sputnik. Кыргызстанда болуп өткөн "жоогазын революциясынын" 10 жылдыгына карата Sputnik кабарчысынын суроолоруна Казакстандын Кокшетау шаардык маслихаттынын мурдагы депутаты, филология илимдеринин кандидаты жана саясий эксперт Марат Жанузаков жооп берди.
— Марат Нурмуханович, сиздин оюңузча, 10 жыл мурда Кыргызстанда эмне болду — элдик революциябы же мамлекеттик төңкөрүшпү?
— 10 жыл мурда Кыргызстанда революция болгон деп эсептейм. Мамлекеттик төңкөрүштөр адатта күч түзүмдөрүнүн: аскерлердин элиталуу топторунун, атайын кызматтардын, полициянын жардамы менен ишке ашат. Төңкөрүш — коомдун саясий жана экономикалык бийлигин ээлеген аз сандагы адамдардын кызыкчылыктары келишпей калгандыгынын көрсөткүчү. Төңкөрүштүн катышуучуларынын милдети оңой — бийликтеги тиги же бул адамдарды же бир топторду четтетүү менен аны ээлеп алса болду. Революция, тескерисинче, элдин кенен катмарларынын катышуусунда өтөт. КРде дал ушундай болгон.
— Кандай дейсиз, Кыргызстанга бул ыңкылаптын кереги бар беле?
— Бардык революциядай эле, Кыргызстанда болгон окуянын терс да, оң да кесепеттери болду. Бирок оң жактары көбүрөөк болуп чыкты деп эсептейм.
Биринчи кезекте эл өзүнүн мыйзамдуу укуктарын талап кылып чыкты. Кыргызстандыктар коңшу өлкөлөрдөгүдөй жөн гана бийликтин саясий иш-аракеттеринин объекти болгусу келген жок. Ал өз кызыкчылыктарын эске алуусуз эч бир чечим кабыл алынбашы керектигин эске салуу менен саясий процесстердин субъектине айланды.
— Бул ыңкылап болбогондо, өлкөнүн тагдыры кандай болот эле деп ойлойсуз?
Кадрлар маселесин чечүүдө тууганчылык басымдуулук кыла бермек. Өткөн 10 жыл ичинде бийлик дагы артына кетмек. Коррупция бир нече эсе өсмөк. Эл алдында жоопкерчилик жана анын каарынан коркуу дегенди бийликегилер такыр сезбей калмак.
Мурдагы совет мейкиндигинде кыргыздар эркиндикти сүйүүчү улут аталмак эмес, мындай кадыр-баркка силердин эл эки ынкылаптын аркасында ишеничтүү жетишти. Кыргыздарды дүйнөдө Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиеву, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев ж.б. сыяктуу элдин татыктуу уулдары аркылуу гана билишчү. Эми баары тең аталган инсандарды жараткан улуу эл ким экенин бүтүндөй тааныйт.
— Түстүү ыңкылаптар болуп өткөн башка улуттар менен салыштырсак, сиздин оюңузча, Кыргызстандын айырмачылыгы эмнеде?
— 2005-жылкы Кыргызстандагы элдик көтөрүлүш жана революция көп жагынан күтүүсүз болгон. Мындай окуя Кавказда болуп кетет деп күтүлгөн, бирок КРде эмес. Эркиндикти сүйүүчүлүк — бул саясий жетишкендиктин белгиси. Дал ушул кыргыздарда бар деп эч ким моюнга алган эмес. Ыңкылап сыяктуу мындай чоң окуя элдин аброюн түзөт. Кыргыздардын кадыр-баркы акыркы он жылда жакшы жагына өзгөрдү.
— Ыңкылаптардан кийин жакшы жашап аткан өлкө катары Кыргызстан коңшулар үчүн анча жагымсыз деп ойлобойсузбу?
— Кыргызстандагы революция Орто Азия өлкөлөрү менен Казакстандын бийлигин катуу тынчсыздандырды. Өзүлөрү үчүн коркунучтуу болгон бул феноменди түшүндүрүү үчүн мамлекеттеги бийликтин алсыздыгы тууралуу жөө жомокту ойлоп таап, дал ошол себептен баш аламандык болуп жана Акаевдин бийлиги кулады деп, революциялык күчтөрдүн жеңишинде элдин ролу эч таанылган эмес. Баары бийликтин күчтүүлүгүнө же алсыздыгына жараша деген имиштер айтылган.
Орто Азия мамлекеттеринин бийликтери эки ыңкылаптан кийин КР эки жаат болуп бөлүнүп, экономикасы таптакыр түшүп калса, абдан ыраазы болушар эле. Анда түрк да, түрк эмес да эл аталары өз кол алдындагыларга, айрыкча, оппозициялык маанайдагыларга реформаларды талап кылып жатасыңарбы — Кыргызстандагыдай охлократияга даярдана бергиле дешмек.
Бирок коңшу өлкө башчыларынын мындай жашыруун үмүтүн кыргызстандыктар актаган жок. Мамлекетти, анын бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын сактап калышты. Реформаларды жүргүзүштү. Шайлоолор шайлоодой өтүп жатат. Көп партиялуулук геронтократтар бийликти басып алган маммлекеттердей жасалма эмес, анык калыптанган.