Нике келишим: оң жана терс ойлор

Жазылуу
ЖКнын депутаттары никеге туруп жаткандарды эки тараптын макулдугу менен нике келишимин түзүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 10-мар — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынан депутаттары Абдымиталип Кочкорбаев жана Надира Нарматова Кыргызстандын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, баш кошуп жаткандарды өз ыктыяры менен нике келишим түзүүгө милдеттендирүүнү сунуштады.

Мыйзам долбооруна карата берилген негиз-түшүнүгүндө бул демилге жубайларды көп көйгөйлөрдөн куткарып, материалдык жоготууларын азайтат деп айтылган. Жубайлардын бири баш тарта турган болсо, келишим түзүлбөйт. Баш тартуу жазуу жүзүндө билдирилип, нотариус тарабынан тастыкталышы талап кылынат.

Нарматова көпчүлүк цивилизациялуу жана өнүккөн мамлекеттерде нике келишими өзүнөн өзү болчу көрүнүш эле эмес, абдан зарыл нерсе катары кабыл алына тургандыгын Sputnik кабарчысына айтып берди. Себеби, дейт ал, нике келишиминин бардык ченемдери бардык турмуштук шарттарда адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

"Кыргызстанда нике келишими түзүлбөйт. Бирок бул үй-бүлөдө пикир келишпестиктерге алып келиши ыктымал. Статистика боючна өлкөдө ар бир безинчи нике бузулат. Албетте жубайлардын мүлкүн бөлүштрүү маселеси пайда болот. Өз убагында түзүлгөн инке келишими жубайлардын мүлктүк укуктарына байланышкан көп маселелерди чечет", — деп белгиледи депутат.

"Лига.kg" адвокаттык борборунун директору Александр Гайворонский бул мыйзам долбоорун Кыргызстанда иш жүзүндө колдонууга болбойт деп эсептейт.

"Республикада нике келишимдери өтө сейрек түзүлөт. Ал бардык катталган никелердин 1-2 пайызында гана кездешет. КРде нике келишимдери мыйзам боюнча жана иш жүзүндө нике мамилелерин жубайлардын мүлктү бөлүштрүү жагынан жөнгө салат, бирок ата-эне ажырашып кеткен учурда балдар ким менен калышы анда каралган эмес. Болгондо да келишимдер никеге утрган учурда эмес, кайсы бир кыймылсыз мүлктү сатып алгандан кийин түзүлөт. Жубайлар ортосунда талаш-тартыш башталгандан кийин гана нике келишимин түзүшөт. Бул эреже катары эркек тараптын талабы менен болот", — деди адвокат.

Биздин өлкөдө көпчүлүк адамдар "эмгек келишимин да түзүшпөйт" деп белгиледи ал.

"Чет мамлекетте адамдар никеге турганга чейин кандайдыр бир мүлккө ээ болгондуктан, ажыршкан учурда мүлктүк мамилелерди жөнгө салышат. Кыргызстанда болсо нике келишимдерин чыр-чатак чыгып, ажырашканга чейин жеткенде гана түзүшөт", — деп баса белгиледи Гайворонский.

КРдин мурдагы муфтийи Чубака ажы Жалиловдун пикиринде, ислам дини нике келишимин түзгөнгө тыюу салбайт.

"Келишим түзүлбөсө да, шариятка ылайык, тараптар никеге турар менен никелик милдеттемелерди алат. Бирок биздин өлкөдө шариятта жазылган ачык-айкын нерселер аткарылбагандыктан, мунун баарын келишим менен бекитип койсо жакшы болмок. Мисалы, шарият боюнча жашоочу мамлекеттерде баары тең нике келишимисиз эле аткарылат", — деди мурдагы муфтият башчысы.

Психолог Айгүл Кызылакованын пикиринде, аталган мыйзам долбоору биринчи кезекте аялдарды мүлктүк жоготуулардан сактайт.

"Эркектер никеге туруп жатып, бардык мүлктү өз туугандарына каттатып коёт. Башкача айтканда, башынан эле ажырашкан учурда өзүн коргогонго аракет жасашат. Менин иш тажрыйбамда бир окуя болгон. 30 жашар аялр бар болчу экен. Үйлөнгөндөн кийин балалуу болгондо, күйөөсү квартираны сатып, кичинекей үй жана машина сатып алууну сунуштайт. Аял макул болот. Күйөөсү үй сатып алып, өз энесине каттатып, машинаны өз бир тууганына жаздырып коёт. Андан соң ал аялына кол көтөрө баштаганда, аял күйөөсүнөн куру кол кеткенге аргасыз болот", — деп айтып берди психолог.

КРдин Үй-бүлө кодексине ылайык, нике келишими деп жубайлардын же никеге жаңы туруп жаткандардын мүлктүк укуктарын жана никедеги же ажырашкан учурдагы милдеттерин аныктай турган өз ара макулдашуусу таанылат.

Мыйзам долбооруна карата берилген негиз-түшүндүрмөдө нике келишими жубайлардын укуктук жөндөмдөрүн же кыймыл-аракет жөндөмдөрү, алардын өз укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугун чектей албайт; жубайлардын мүлктүк эмес жеке мамилелерин, бадарга карата укук-милдеттерин жөнгө сала албайт; эмгекке жараксыз жубайдын колдоо алуусун чектөөчү жоболору карабайт; жубайлардын бирин жагымсыз абалда калтыра турган же үй-бүлө мыйзамдарынын негиздерине каршы келүүчү шарттарды өзүнө камтыбайт деп көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0