БИШКЕК, 26-фев – Sputnik. Өлкөдө 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы эс алуу күнгө туура келгендиктен, КР Эмгек кодексине ылайык, эс алуу биринчи күн, 9-мартка жылдырылды. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
9-март эс алуу күнү деп Эмгек кодексинин 113-беренесине карата кабыл алынды. Аталган мыйзамга ылайык, эгерде майрам эс алуу күнгө туура келип калса, ал башка датага эс алуу күн катары жылдырылат.
Андыктан, 5 күндүк тартип менен иштеген кыргызстандыктар 7-8-9-мартта, башкача айтканда, үч күн эс алышат.