БИШКЕК, 25-фев — Sputnik. "Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Жогорку Кеңеште талкуулап жатышат", — деп айтып берди Sputnik кабарчысына парламенттин КСДП фракциясынан депутаты Абдыманап Кутушев.
Өлкөнүн баш мыйзамына ылайык, ага парламент тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Айрыкча шайлоо системасына, бийликтин сот бутагына жана президенттин, ЖКнын, өкмөттүн ыйгарымдарына тиешелүү оңдоолорду аталган мөөнөткө чейин эл өкүлдөрү киргизе албайт.
Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелей ала турган жалпы элдик референдум Конституцияга өзгөртүүлөрдү мөөнөтүнөн мурда киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Тактап айтканда, парламентарийлер Жогорку соттун президиумун түзүү, ошондой эле депутаттык мөөнөттү кыскартуу жана ЖКда императивдик мандатты жаратуу боюнча бөлүмгө оңдоолорду киргизсек дейт.
Эксперт Ирина Летованын пикиринде, баш мыйзамды өзгөртүүнүн эч зарылчылыгы жок.
"Конституция өзү беш жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө тыюу салары барыбыздын эсибизде. Өзгрөтүүлөр иштей башташы үчүн аларды конституциялык мыйзамдарга киргизген жетиштүү", — деп эсептейт Летова.
Ошондой эле ал баш мыйзам айрыкча сот системасында реформа жүргүзүүгө эч тоскоолдук кылбайт дейт. Бул үчүн ченем-укуктук негизин иретке келтирүү зарыл экендигин айтты ал.
"Биздин Конституцияны 10 упайдын ичинен сегиз упайга ишеничтүү бааласа болот. Өзгөртүүлөр керек, бирок азыр эмес", — деди эксперт.
Баш мыйзамды тез-тез эле оңдой берүү Кыргызстандын эл арылык кадыр-баркына кедергисин тийгизет деп белгиледи ал.
"Жакшы ой менен болсо да, бирок улам-улам эле реформа жүрүп турган мамлекет менен бардык эле инвесторлор иштегиси келе бербейт", — деп сөзүн бүтүрдү Летова.
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов да Конституцияны өзгөртүү, мейли референдум аркылуу болсун, өтө эле шашкандык деп эсептейт.
"Республикага 2020-жылга чейин тыныгуу керек. Анын үстүнө саясатчыларга керек бардык өзгөртүүлөр акырындап башка мыйзамдарга киргизилип жатпайбы. Бул айрыкча сот бийлигине тиешелүү", — деп эсептейт саясат таануучу.
Конституцияны оңдоону демилелеп жаткандар белгилүү бир максаттарды көздөйт деп белгиледи Бактыгулов.
"Алар легалисттик ыкманы колдонуп жатат. Демилгечилер КРде жашоону алга карай өсүү нугуна коёт, жана башка эч бир күч-аракет кылунуун кереги жок деген ойдо. Дагы алар жөн эле сот бийлигин көзөмөлгө алгылары келип жатат", — деген бүтүм чыгарды эксперт.
Баш мыйзамын өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү демилгелөө ал мыйзамдын өзүнө каршы келет деп кошумчалады Бактыгулов.
"Бирок түзүүчүлөр документти жазып жатканда эле өзгөртүүгө тыюу салууну айланып өтүү жолун даярдап коюшкан", — дейт ал.
Ченем-укук акттарында жана башка мыйзам негиздеринде толгон карама-каршылыктарды оңдоо зарыл дейт эксперт. Мисалы, анын ою боюнча, бардык мыйзамдарды аягына чейин туура которуп, бардык төп келбестиктер менен карама-каршылыктарды четтетүү керек.
"Эч кынтыксыз конституция болбосу түшүнүктүү, бирок биздики деле анча жаман эмес", — дейт саясат таануучу.
Андан тышкары, референдум жана баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү саясий күрөштүн куралы гана болуп, андан Кыргызстандын катардагы жарандары эле жабыр тартат деген кооптонуусун билдирди Бактыгулов.