ЖАМК: Балдарын өлтүрдү деп шектелип жаткан аял камералаштарын сабаган эмес

Жазылуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы балдарын өлтүрдү деп күнөөлөнгөн аял убактылуу кармоо жайында тынч отурбай жатканын тастыктап, бирок, ал камералаштарын сабады деген маалыматты төгүнө чыгарды.

БИШКЕК, 24-фев — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы балдарын өлтүрдү деп күнөөлөнгөн Амира Ибраеванын убактылуу кармоо жайында тынч отурбай жатканын айтып, бирок, анын камералаштарын сабады деген маалымат туура эмес экендигин Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

Өз балдарын өлтүргөн деп шектелген аял камералаштарын сабап жатат дейт адвокат
Буга чейин өлкөдөгү жактоочулардын бири Икрамидин Айткулов убактылуу кармоо жайынын кызматкерлерине таянып, Ибраева камерада отурган аялдарды сабап жатат деген маалыматты тараткан. Андан сырткары ал Ибраевадан ыдык көргөн аялдарга үч күн бою жардам көрсөтүлбөй, медиктер тарабынан кароого алынган эмес деп кошумчалаган. 

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Толубай Жакишев убактылуу кармоо жайында Ибраеванын тынч отурбай жатканын жана аны менен кошо дагы 8 аял кошо отурганын маалымдаган. Камера 14 адамга ылайыкталган. 

"Мен ал жерде болуп келдим. Жапа чеккен аялдарга үч күн бою жардам берилбей калган деген калп. Ооба, ал өзүн тынч алып жүрбөй жатат, бирок, аны менен кошо отурган аялдарга кол салган эмес, беркилерде жабыркаган белгилер жок. Ал жердеги аялдар Ибраеваны ишин тезирээк карап, аны атайы адистештирилген психиатриялык клиникага которууну суранып жатышат", — деп айтып берди Жакишев. 

Мындан сырткары ЖАМК өкүлү анын коопсуздугунан улам, жалгыз отурган камерага жайгаштыра алышпай тургандыгын билдирди. 

"Бул абалынан улам өзүнө кол салбашы үчүн анын жанында, камерада бирөө-жарым болушу зарыл", — деп кошумчалады Жакишев. 

Ички иштер башкы башкармалыгы 15-февралда кичинекей балдарын өлтүрдү деген шек менен аялды кармаган. Анын Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо тургандыгы жана борбор шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштегени белгилүү болгон. №44 мектептин директору Ибраеванын мектептеги иши жана айланасындагыларга мамилеси боюнча өзүнүн оң пикирин билдирген

Ведомстводон жүргүзүлгөн психиатриялык жана башка экспертизалардын жыйынтыгы бир ай ичинде чыгаарын билдиришти. Каза болгон балдарды Ысык-Көл облусуна алып барып коюп, ал эми алардын энесин №1 убактылуу кармоо жайына эки айга камашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0