БИШКЕК, 22-фев — Sputnik. Мектеп программасында кыскартуулар кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлѳрүнүн билим деңгээли Россияда бүтүрүүчүлѳргѳ салыштырганда тѳмѳндѳшүнѳ алып келет деп эсептешет Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгында.
Кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлѳрүнүн абалы тууралуу Sputnik кабарчысына башкармалыктын жетекчиси Сауле Мейерманова айтып берди.
— Биздин мектеп бүтүрүүчүлѳрүнүн деңгээли кандай? Чет элдик окуу жайларга тапшырууга даярбы? Бирдиктүү билим мейкиндиги тууралуу айтса болобу?
Жок дегенде, коңшулаш мамлекеттердин билим мейкиндигине кошулуу зарыл экендигин түшүнѳбүз. Жаман жагы, союз жоюлуп жатканда бул эске алынган эмес. Система бузулуп калган, эми болсо баарын кайра калыбына келтирүүгѳ туура келип жатат.
Бул масленеи чечүү үчүн биздин педагогдор изденүү үстүндѳ. Шаарда инновациялык мектептерин программасы ишке киргизилген, азыр жаңы түрдѳгү 35 мекеме иштеп жатат. Ар бир райондо биздин окутуучулардын демилгеси менен ресурстук борборлор, ачык инновациялар деп аталуучу мектептер ачылган, бул казак жана россиялык билим берүү мекемелери менен кызматташтык. Ушунун аркасында биздин кесиптештер ѳз ара тажрыйба алмашууда. Жакында мектепке чейинки билим берүү мекемелери Уфа менен Санкт-Петербургга барып келишти. Мектеп окуучуларынын да ушундай мүмкүнчүлүгү бар. Тилекке каршы, бизде жумушчу сапарлары, кесипкѳйлүгүн жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу сыяктуу иш-чаралар бюджетке киргизилген эмес. Биз ошол ресурстук борборлордун жардамы менен ушундай мүмкүнчүлүктѳрдү (жол чыгымдарына каражат) таап жана Томск, Омск, Иркутск, Новосибирск жана Санк-Петербург шаарларындагы алдыңкы окуу жайлар менен кызматташып жатабыз.
— Мурда мектеп окуучусу ѳздѳштүрѳ турган сабактардын жалпы кѳлѳмү миң саат болчу, эми аны фин программасы боюнча 800 саатка чейин кыскартуу жѳнүндѳ кеп болуп жатат. Чечмелеп берсеңиз.
— Башкача айтканда, план боюнча кыскарган сааттарды окуу планынан сырткаркы кошумча иштин эсебинен толтуруу мүмкүн деп эсептейсизби?
— Ооба, буга мыйзам мүмкүндүк берет. Азыркы окуу планына педагогдордун нааразылыктары кѳп: бирѳѳнѳ ал план жагат, бирѳѳнѳ жакпайт. Аны кайра карап чыгууга негизги аргумент болуп балдардын окуусу ашыкча кѳптүгү эсептелет.
Бирок мунун башка жагы да бар: коркконубуз, балдар мектепте сабагы кѳп болгону менен, мектептен сырткары алардын бош убактысы кѳп, жана аны балдар терс нерселерге жумшап жатат. Ошол убакытты окуу матералдары менен толтуруп, адистештирүү боюнча ишке жумшасак туура болмок. Кенен жана кѳп тараптуу билим берүү кызматтарын сунуштоо керек.