Дүйнѳнүн ар кайсы жерине АКШнын "чабуулдары" дагы кайталанат деп эсептейт Нарышкин

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүПредседатель Госдумы РФ С.Нарышкин. Архивное фото.
Председатель Госдумы РФ С.Нарышкин. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вашингтондун максаты дүйнѳ боюнча жарыяланбай жүрүп жаткан согуштарда ресурстарды экономикалык жактан басып алуу болуп эсептелет. Ошол эле учурда океандан келип жаткан экономикалык санкциялар менен саясий коркутуулардын ыкмалары биринин артынан бири ийгиликсиз болууда деп баса белгилейт спикер.

БИШКЕК, 21-фев — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Сергей Нарышкин дүйнѳнү АКШ тараптан улам кѳп анексия күтүп турат, Украинадагы каатчылык —сценарийдин бир бѳлүгү гана деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости "Комсомольская правда" гезитине таянуу менен билдирет.

Анын айтымында океандын аркы жээгинде иштелип чыккан "чабул жасоо" стратегиясы украин каатчылыгы менен эле бүтпѳйт, жана дүйнѳ боюнча жарыяланбай жүрүп жаткан согуштар ѳзүнүн экономикалык экспроприация саясатын улантат.

"Вашингтондун максаты жарыяланбаган согуштарда экономикалык тартып алуулар болуп эсептелет. Дүйнѳ украин каатчылыгына окшогон жаңы чыр-чатактарды тутантуу аракеттерин дагы кѳрѳт. Анын ичинде Европа континентинде саясий жана экономикалык диверсиялык аракеттер да болот", — деди Нарышкин.

Ошол эле учурда океандан келип жаткан экономикалык санкциялар менен саясий коркутуулардын ыкмалары биринин артынан бири ийгиликсиз болууда деп баса белгилейт спикер.

"Голливуддукуна окшогон тартып алуу ыкмалары, анын катарында саясий деңгээлдеги шантаж жана экономикага кысым кѳрсѳтүүлѳр биринчи жолу натыйжа бербей жатат", — деп белгиледи Нарышкин.

Обаманын экономикалык-саясий "блицкриги" евразиялык аймакта кыйроого учурап жатат.

Европа болсо, дагы мүмкүнчүлүктѳрү түгѳнѳ электигине карабастан, коркуп калды. Бул шашкалактаган асылуулар оң баштанбай жатып эле бүтүп баратат. Эгер Ак үй жакынкы арада бирѳѳнүн ресурстарын тездик менен тартып алуу идеологиясын кайра карап чыкпаса, ал адатынча ѳз бюджетине кѳз жүгүртүп, анан жырткычтай талап-тоноо үчүн башка ѳлкѳнү издей баштайт", — дейт саясатчы.

Анын пикиринде, ЕБ жетекчилиги бул жагдайга талаптагыдай кѳңүл бурбай жатат.

"Расмий Брюссель Украинага ээлик кылуу процессине аябай шыктанып алган жана андан башка эч нерсени кѳзүнѳ илген жери жок. Киевдин каатчылыгына баткан европалык саясатчылар жеке амбициясын баарына жогору коюп жатат", — деп түшүндүрдү Нарышкин.

Ал континентте "ѳз таасири астындагы аймактарды" аныктоодо Вашингтондун күч колдонуу менен жасаган аракеттери Европа биримдигине кирчү мамлекеттердин түшүнбѳстүгүнѳ туш болот.

"Европа мындайды колдобойт, ал эми money чексиз күчү жѳнүндѳ жомоктор дайыма эле колдоого жана ишеничке ээ боло бербейт", — деди спикер.

Анын айтымында, россиялык агрессия жѳнүндѳ "жѳѳ жомок" жана ѳзүнѳ жаңы жерлерди кошуп алууга болгон ниети океандын аркы жээгиндеги жомокчулардын ойлогону боюнча европа биримдигинин бардык 28 мүчѳсүн эстен тандырышы керек болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0