Россияда иштөөчү чет элдик жарандардын расмий саны 3 миллионду түзөт. Расмий эмес иштеп жаткандардын саны да ошого жетет деп бидирет РИА Новости.
Автор Мария Балябина
Бирок бир-эки жыл мурун мыйзамсыз мигранттар расмий документ алып иштегендерден 4 эсе көп болчу. Быйылкы жылдан тартып мыйзам бузуучулар үчүн эрежелер катуулантылып, өлкөгө кирүү жана жүрүү тартиби өзгөрдү. Дал ушул факт ФМКнын көз карашында кырдаалды өзгөртүүгө жардам болду.
ФМКнын маалыматы боюнча, өткөн жылы 17 млн ашык чет элдик жарандар келген. Миграциялык каттоого жарымы гана турса, ар бир онунчу гана иштөөгө уруксат алган. Азыр Россияда канча мигрант бар экендиги жөнүндө Федерациялык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский айтып берди.
"Биздин маалыматтар боюнча мыйзамдуу иштеп жаткандардын саны 2,7 млн, ал эми мыйзамсыз иштегендердики – 2,9. Өлкөдө мигранттардын жалпы саны кыскарууда. Менимче, буга себеп болгон факторлордун бири – экономика. Жана экинчиси, биз алардын Россияда болушун таритпке келтиргендигибиз болду. Алар чындап эле жазага тартылуу коркунучун көрүштү".
Бул маалыматтарга караганда, Россиянын экономикасы үчүн 6 млн мигрант толук жетиштүү. Ошентсе да, чет элдик жумушчулар көп керекпи же аларсыз деле күн көрсө болобу деген суроого бир тараптуу пикир жок. Айрым баалар боюнча, Россияга 20 млн мигрант керек. Расмий баалоо боюнча 11 млн жетиштүү.
Миграциялык агымды кыскартууну жактоочулар адатта чет элдиктер менен кошо өлкөгө кылмыштуулук жана маданий карама-каршылыктар сыяктуу көп маселелер да келет деп түшүндүрүшөт. Дагы бир аргумент – мигранттар жергиликтүү тургундардын иш орундарын тартып алып жатат. Бирок бул чындыкка жатпайт деп эсептейт РАИнин Россиянын тарыхы институтунун тарыхый демография жана тарыхый география боюнча илимий кеңешинин жетекчиси Валентина Жиромская:
"Мигранттар керек, жана алар курулуш, шаар чарбасынын квалификациясыз же жарым квалификациялуу иш тармактарында жергилктүү калкка атаандаштык кылбайт. Мындай жерлерде алардын иши абдан зарыл. Мындан баш тартуу туура эмес. Себеби жергиликтүү тургундар аталган иштерди аткарууга кызыкпайт. Интеллектуалдык эмгек тармагында мигрант үчүн кыйын, ал орун-очок алып, Россияда олуттуу билимге жетиши керек болот. Ошондо гана мигранттардын жаңы мууну жөнүндө айтса болот. Бир жылга, жарым жылга келип жаткандар атаандаштык кылат деп коркуунун кереги жок".
Бул чет элдиктер гана эмес, Россиянын башка алыскы аймактарынан жергиликтүү тургундар да иш издеп келүүчү ири шаарда айкын көрүнөт. Мындай абалды оңдоп, миграциялык агымдарды сабаттуу бөлүштүрүү үчүн Советтер Союзунун тажрыйбасын эстөө керек деп эсептейт экономика илимдеринин доктору, СПбМУнун экономикалык теория кафедрасынын профессору Елена Яковлева:
"Элдерди жөн эле эмес, белгилүү адистиктер боюнча алып, алардын аймактарга баруусун пландуу түрдө уюштурушкан. Адатта Сибирь аймактары, жаңы жерлер өздөштүрүлүп, электр станциялары, жолдор ж.б. курулуш жүрүп жаткан жерлерге, мисалы, тийиштүү адистер жиберилип турган. Ошон үчүн бул тажрыйбаны кайра колдонсо болот деп ойлойм".
Чет элдик кадрларды максаттуу даярдоо тажрыйбасы бизде мурдатан эле бар. Кыргызстанда аялдарды тигүүчүлүккө, эркектерди там шыбоочулук кесипке үйрөтүп жатышат. ФМКда билдиргендей, мигранттарды адаптациялоо боюнча жаңы борборлор Тамбовдо жана Оренбургда пайда болду. Ал жакта мигранттарды жөн гана окутпастан, иш жана туруктуу жашоого уруксат берүүдө аларга артыкчылык орун берүү сунушталууда.