Медициналык академия vs "Азаттык" – ар кимдин өз чындыгы бар

© Sputnik / Виталий Савельев / Медиабанкка өтүүХирургические инструменты
Хирургические инструменты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азаттык" радиосунун журналисттерине медициналык академиянын кызматкерлери тарабынан жасалган мамиле талкууга алынууда.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. "Азаттык" радиосунун журналисттери менен Медициналык академиянын кызматкерлери 17-февралда болгон окуя боюнча өз версиясын айтып, түшүндүрүшүүдө.

17-февралда "Азаттык+" программасынын журналисттери Кыргыз улуттук медициналык академиясынын ректору Ашыралы Зурдиновдон интервью алыш үчүн барышкан. Алар окуу жайдын башчысынан интервью ала алышкан эмес. Себеби, академиянын кызматкерлери журналисттерге карата күч колдонуп, аларды сыртка түртүп чыгарып салышкан. Аталган окуя боюнча журналисттер милицияга арыз менен кайрылышкан.

"Журналисттер интервью алуу боюнча макулдашкан эмес"

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын маалымат катчысы Абибилла Пазыловдун айтымында, "Азаттык" радиосунун журналисттери ректор Зурдиновдон интервью алыш үчүн окуу жайдын басма сөз кызматы менен макулдашкан эмес.

"Ректордон интервью алабыз деп мени менен же ректордун өзү менен эч ким байланышып, алдын ала макулдашкан эмес. 17-февралда түштөн кийин "Азаттык" радиосунун журналисттери кирип келип эле ректордон интервью алабыз, биз аны менен жолугушубуз керек дешкен. Учурда ректор бош эместигин, бөлмөсүндө кишилер бардыгын айтышса да көнгөн эмес. Ректордун катчысы аппарат жетекчисин жана тийиштүү кызматкерлерди чакырган. Алар да абалды түшүндүрүшсө, ага да көнгөн эмес. Акырында күзөт кызматын чакырып, аларды сыртка чыгарышкан", — деди ал.

Пазылов буга чейин да "Азаттык" радиосу аталган окуу жайдагы "коррупциялык схема ачыкка чыкты" деп материалдарды жарыялап жибергенин айтып, соттун чечими жок эч ким бирөөнү коррупционер деп айыптай албашын кошумчалады. 

"Интервью алуу боюнча алдын ала сүйлөшүлгөн"

"Азаттык+" программасынын продюсери Өмүрбек Сатаев медициналык академиянын ректорунан интервью алуу боюнча күн мурунтан макулдашылганын билдирди.

"16-февраль күнү биз (продюсер — Өмүрбек Сатаев, журналист – Токтосун Шамбетов жана оператор – Жанар Жолдошбаев. авт.) Медициналык академияга барып, ректордон интервью алалы десек, анын катчысы ректор азыр жоктугун айтып, эртең келгиле деди. 17-февралда телефон чалып ректордун жумуш ордунда бар жогун тактадык. Катчы ректор жумушта экенин айтты. Биз барганда катчы өтө орой түрдө бизди кабыл алып, "ректор кааласа берет, каалабаса бербейт" деп, видеого тартканды токтоткула деди. Бир аздан кийин Медакадемиянын аппаратынын жетечиси Абдыкерим Гапаров, окуу жайдын иш башкармалыгында иштеген Мурат Сулайманов жана күзөт кызматы бизге күч колдонуп, имараттан чыгарып салышты. Сыртка чыккандан кийин дагы 4 форма кийген киши келди. Алардын бирөөсүндө автомат бар экен. Ал биздин операторго асылып, колун кайрып, видеокамерасын тартып алганга аракет кылды", — деди продюсер.

Сатаев "Азаттык+" программасынын алкагында Кыргызстандын окуу жайлардагы коррупциялык схемаларды ачып берүү боюнча көрсөтүү даярдап жатышканын билдирди. Буга чейин ОшМУга барып, ал жактан да тийиштүү кишилерден, кызматкерлерден интервью алышкан. Билим берүү системасындагы коррупциялык иштерди ачып берүүгө арналган программа бүгүн кечинде КТРКдан көрсөтүлөт.

"ОшМУга барып окуу жайдын ректорунан интервью алдык. Ал жакта бизге мындай мамиле жасашкан эмес", — деди ал.

"Азаттык+" программасынын продюсери аталган окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылышканын, учурда милициядан жооп күтүп жаткандыктарын кошумчалады.

Ректор министрге түшүндүрмө берет

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева журналисттерге ыдык көрсөтүлгөнү боюнча медициналык академиянын ректорун түшүндүрмө берүү үчүн министрликке чакырганын өзүнүн Twitter социалдык түйүндөгү баракчасына жазды. 

Жаңы эле президенттин маалымат катчысы болуп дайындалган Жанар Акаев өзүнүн Facebook социалдык тармагына журналисттерге карата жасалган мындай мамилеге өкмөт тез аранын ичинде баа бериши керек деген пикирин жазды.

"Азаттык" радиосунун журналисти жана телеоператоруна Медициналык академияда күч колдонулушун өкмөт тез арада иликтеп, окуу жай ичинде журналисттерге кол көтөргөн кызматкерлердин жоопкерчилиги каралып, бул окуядан тиешелүү жыйынтык чыгарылышы керек. Маалымат алуу үчүн барган журналисттерге Билим берүү мекемесинде ыдык көрсөтүлүп, күч колдонулушу өтө олдоксон көрүнүш, өкмөт буга чара көрүшү зарыл", — дейт Акаев. 

Ал ошондой эле, ЖМК кызматкерлерине карата жасалган мындай мамиле Кыргызстандагы сөз эркиндигине көлөкө түшүрүшү ыктымалдыгын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0