БИШКЕК, 7-фев — Sputnik. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө бүтүндөй республика боюнча өрт өчүрүүчүлөр күн сайын алышып келет. Өрт өчүргүчтөр от жалынын өчүрүп, күйүп жаткан имараттардан адамдарды куткарып алышат. Өткөн жылы эле өрткө каршы күрөшүүчүлөр 4 миң 361 өрттү өчүрүшкөн.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында өрткө каршы кызмат агенттигинин башчысы Нуржан Осмоналиевдин айтымында, 2014-жылы 200 адам куткарылып, 76 адам өрттөн каза болгон.
"Биздин кызматкерлер өрттөн адам өмүрүн сактап калууга бардык күч-аракеттерин жумшайт", — деп белгиледи агенттиктин жетекчиси.
Кооптуу телефон чалуу
Бирдиктүү диспетчердик нөөмөт кызматына өрт тууралуу телефон чалуулар борбор калаадан гана эмес, өлкөнүн бардык аймактарынан келет. Дал ошол нөөмөтчүлөр бардык чалууларды каттап, күндөлүк маалымат топтомун түзөт.
Кезектеги нөөмөтчү, 15 жылдан бери аталган бөлүмдө эмгектенип келе жаткан Зарема Казакова бир күндө республика боюнча катталуучу өрттүн саны 18ге жете турганын айтып берди.
"Өрт чыгуунун себептери жыл мезгилине жараша болот. Эгер кышында өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан, мештердин оң эместигинен чыкса, жайкысын көпчүлүгү кургак чөптү өчүрүүгө туура келет", — дейт Казакова.
Диспетчерлер бөлүмүндө шардын кенен картасы илинген. Анда өрт өчүрүүчүлөргө зарыл гидранттардын жайгашкан жерлери белгиленген.
Дайым даяр
Өрт өчүрүүчүлөр бөлүмүнүн жашоосу өзүнүн бөтөнчө тартибинде жүрөт. Жеке курам саат 08.00дө алмашат. Негизи ар бир топ үч күндө бир ишке чыгышат.
Өрт өчүрүүчүлөр чакырыкты күтүп эле телевизор көрүп отурат деп ойлосоңуз, жаңыласыз. Алардын ар бир түрдүү иштер менен алек.
Бишкектин Свердлов районуна караштуу өрт өчүргүч бөлүмүнүн күзөт башчысы Самат Бечилов айтып бергендей, өрт өчүрүүчүлөр дене тарбиялык машыгуу жана билим алуу менен алектенет. Буга төрт саатка чейинки убакыт кетет.
"Мисалы, бүгүн балдар чарба укугун окуп жатышат. Алар лекцияларды конспектилеп, ал боюнча өткөрүлө турган сынакка даярданышат, мунун себеби бизде негизинен жаштар иштейт. Алар иш менен катар окуп билим алганга кубанычта", — деп белгиледи Бечилов.
Андан тышкары, отко каршы күрөшүүчүлөр чакыруу күтүү учурунда өрткө каршы техникага да көп көңүл бурушат. Ал дайыма даярдыкта турат. Баары таза, резервуарлар сууга толтурулуп, суу түтүктөрү талаптагыдай абалга келтирилген.
Өрт өчүрүүчүлөр боёвка деп атай турган атайын кийим да бөтөнчө иретте жатат. Эң астына куртка, карабиндүү кур, анын үстүнө ийинге арта бекиткичи бар шым жана баш калканыч жатат. Баса, атайын кийимди кийүүгө кетүүчү убакыт ченеми эреже боюнча 18 — 22 секунданы түзөт.
"Биз убакытты үнөмдөш үчүн кийимди атайын бир иретте коёбуз. Себеби өрт чыккан жерге 7-10 мүнөттө жетишибиз керек. Ошон үчүн бизге ар бир секунда баалуу. Кайра кайтып келгенден кийимди чечип, дагы эле белгилүү тартипте коёбуз. Иш аяктагандан кийин аларды жууганга тапшырып турабыз", — деп билдирди күзөт башчысы.
Алдыга озуп иштөө
Кышында үйлөр менен өндүрүштөрдө кыска от чагылуулардан жана жылытуучу жабдууларды туура эмес колдонуудан өрт көп болот. Алардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди өрт коопсуздугу боюнча инспекторлор жүргүзөт.
Нуржан Осмоналиев белгилегендей, калк арасында өрткө каршы нускамалар, лекциялар жана эл топтошкон жерлерде, айыл башкармалыктарында маектер жүргүзүлүп турат.
Өрт өчүрүүчүлөр бузук электр жабдуулары, мештер жана жакшы иштебеген морлор бар бардык үйдө өрт тутанышы мүмкүн экендигин эске алууну кеңеш кылышат. Отко жана өрт чыгышы мүмкүн болчу жабдууларга балдарды жакындатпаш керек, андай бумдарды үйдүн үстүндө, полдун астында же сарайларда кармоого болбойт.