БИШКЕК, 6-фев — Sputnik. Бүгүн түштөн кийин Сүйүмбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган машинага коюлган шектүү заттын бомба эместиги такталды. Шектүү зат коюлган автоунаа Свердлов райондук сотунун имаратына жакын жерге токтотулган болчу.
Окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук кызматынын жана шаардык милициянын кызматкерлери дароо келишкен.
Бомба деп шектелген затты текшерген саперлор ал жасалма экенин аныкташты. Ал скотчко оролгон телефон экени аныкталды.
Элдин коопсуздугун сактоо максатында, шектүү зат табылган жер милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.