БИШКЕК, 6-фев — Sputnik. Бишкектеги Сүйүмбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерге токтотулган машинадан жарылуучу зат деп шектелген табылган. Окуя болгон жерде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин саперлеру иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарылуучу зат окуу иретинде коюлганы же чындап эле коюлганы такталууда.
Учурда аталган жерди милиция кызматкерлери курчоого алышты.