БИШКЕК, 6-фев — Sputnik. Кыргызстанда орус мекендештердин биримдигинин төрагасы, өлкөдө "Жалпы жат жазуу-2015" акциясынын жөндөөчүсү Александр Иванов апрелде өтө турган орус тилин билүүнү текшерүү боюнча акция тууралуу Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берди.
— Өткөн жылы акция кандай өттү, жана ага катышуу үчүн эмне керек?
— Өткөн жылкы акцияда миңден ашык кыргызстандык катышкан. Мактанайын дегеним, Кыргызстан акцияга экинчи эле жолу катышса да, Россиядан тышкаркы эң көп сандуу аянтча болду. Он үч кыргызстандык "эң жакшы" деген баага татыктуу болду. Бул жалпы катышуучулардын 1 пайызын түзгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч, жана, баса, диктант жазуунун мындай деңгээли бардык жерде байкалат. Текст орфографиялык жана тыныш белгилик жактан өтө татаал, дээрлик академиялык деңгээлге жетет. Диктант жалпы деп аталганы менен, бардыгы үчүн эмес. Ал эми ага катышуу үчүн калем сап жана өзүн текшерип көрүүнү каалоо гана керек, мунун эч кыйынчылыгы жок.
— Бул жылы катышуучулардын көбөйүшү күтүлүп жатабы?
— Өз билим деңгээлин текшерүүнү каалагандар республикада көп. Бирок, тилекке каршы, биз көп аянтчаларды уюштура албайбыз. Бул жылы 18-апрелде иш-чараны борбор калаада жана Кантта өткөрүү пландалып жатат. Түштүк аймакта — Ош шаарында — 2013-жылы биз билим текшерүү үчүн жай ачканбыз, былтыр мындай мүмкүнчүлүк болгон жок. Бул ишке берилгендер менен биргеликте быйыл өлкөдө көбүрөөк жайларды уюштурабыз деген үмүттөмүн. Каалаган жогорку окуу жайлары менен мектептер өз аянтчасын сунуштап, материалдарды жана иш-чараны өткөрүү эрежелерин алуу үчүн алар менен байланышса болот.
— Билим берүү министрлиги менен кызматташкансыздарбы? Мындай акцияларды өткөрүүгө ведомствонун мамилеси кандай?
— Негизи "Жалпы жат жазуу" бүтүндөй өлкөнү кучагына алууну көздөбөйт, бизге жазуунун саны эмес, сапаты маанилүү. Жана ыктыярдуу акцияны жалпы "күчкө салуучулукка" айландыргыбыз келбейт. Билим берүү министрлиги менен биз жетекчиликтин деңгээлинде кызматташабыз жана ар тараптуу көрсөткөн колдоосу үчүн ведомствого абдан ыраазыбыз. Баса, мурдагы министр, башкалар менен катар жат жазуу жазган жана кыргызстандыктарды буга кошулууга чакырган.
— Жат жазуунун текстин катышуучуларга ким окуп берет?
— "Жалпы жат жазуу" долбоорунда текстти окутуучулар, лекциячылар окуп берет, биз, ал турсун, белгилүү инсандарга да муну аткарууну сунуштайбыз. Бирок окуп берүүнүн сапаты боюнча биздин эле республикада эмес, башка мамлекеттерде да сын сөздөр айтылган. Жат жазуунун тексттин окууну актёрлорго тапшыруу боюнча да талаш-тартыш жүргөн. Алардын айрым учурда өтө эмоционалдуу окушу, тексти туура угуп кабыл алууга тоскоолдук кылат. Биз талапкерлерди издөө менен бул маселени чечебиз.
— Катышуучулардын жаш курагы тууралуу айтып берсеңиз. Бул алынган бааларга таасир этеби?
— Баага биринчи кезекте орус тилин билүүсү таасир кылат. Жаш муундардын жогорку окуу жайында же мектепте алган өз билимин баалап көрүүгө болгон каалоосу чоң. Ал эми улуу муундар болсо текшерүүнүн өзүнө чындап кызыгышат. Себеби алардын билим-тажрыйбасы көп, ошон үчүн мунун эч кыйынчылыгы жоктой сезишет. Бирок өз билимин текшерип коюу эч кимге ашыктык кылбайт.
— Канааттандыралык эмес баалар Кыргызстанда тил билүүнүн жалпы деңгелин көрсөтөбү?
— Жок, эч андай эмес. Республикада мурдагыдай эле орус тили көп колдонулат жана мунун натыйжасы катары борбордон алыс аймактарда да тилди билүү жана аны окутуу деңгээли жогору. Москвада орус тили боюнча олимпиаданы утуп алган нарындык мектеп окуучусу эсиңиздеби? Албетте, татаал жат жазуулар окутуу программасынан алып берилгенде, басымдуу көпчүлүгү мыкты натыйжага жетишмек. Ошон үчүн окутуу саатынын азайышы сыяктуу көрүнүштөргө карабай, орус тилин билүү деңгээлин жакшы экенине күмөн санабасак болот. Компьютер менен интернеттин бардык жерде жайылышы да өз жемишин бербей койгон жок. Жазууларды жана өз дилбаяндарынын орфографиясын Word-го ишенүүчү жана баарлашууда "анча орусча эмес" жазган "катмар" да пайда болду.
"Жалпы жат жазуу" — бардык каалоочулар үчүн ыктыярдуу жат жазуу түрүндө жыл сайын өтүүчү билим долбоору. Акциянын максаты — ар бир каалоочуга орус тили боюнча өз билимин текшерүүгө мүмкүндүк берүү жана сабаттуулукту жогорулатууга болгон кызыгуусун ойготуу. Бардык каалоочулар үчүн ыктыярдуу жат жазуу идеясы Новосибирск мамлекеттик университетинде 2000-жылдары жаралган.
12 жылдан бери "Жалпы жат жазуу" кенен жайылган эл аралык иш-чарага айланды. 2014-жылы акция Россия менен катар дүйнөнүн 47 өлкөсүнүн 352 шаарында өтүп, ага 64 миңден ашык адам катышты, дагы 52 миң адам онлайн берилишине күбө болгон