00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бишкеку - 148: история города, которую можно пройти пешком
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия, Кытай жана Индия ЭВФти токтоосуз реформалоону сунуштап жатат

© REUTERS / Rolex Dela Pena/PoolАрхив: Сергей Лавров жана Си Цзиньпин
Архив: Сергей Лавров жана  Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын, Кытайдын жана Индиянын тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү жасап, анда Эл аралык валюталык фонд үстүдөгү жылдын аягына чейин квоталарды реформалоо планын ишке ашырууга милдеттүү деп айтылат.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Россиянын, Кытайдын жана Индиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров, Ван И, Сушма Свараджи эл аралык валюталык система, айрыкча Эл аралык валюталык фонд реформага муктаж деп билдиришти деп кабарлайт РИА Новости.

Өзүлөрүнүн жалпы чечимин ТИМ башчылары КЭРдин борбору Пекинде болгон жолугушууда кабыл алынган биргелешкен кайрылууда билдиришти.

"Министрлер өнүгүп келе жаткан рыноктор менен өлкөлөрдүн салмагын жана өкүлчүлүгүн жогорулатуу үчүн эл аралык каржы системасын токтоосуз рефомалоого чакырышат", — деп айтылат документте.

Министрлердин айтымында, төрт жыл мурун кабыл алынган квоталарды реформалоо боюнча планды Эл аралык валюталык фонд үстүдөгү жылдын аягына чейин ишке ашырышына өзгөчө көңүл буруу талап кылынат.

ЭВФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүндө дипломаттардын билдирүүлөрү боюнча Sputnik агенттигине комментарий беришти. Каржы институту түшүндүргөндөй, Эл аралык валюталык фондду реформалоо жөнүндө чечим 2010-жылдын ноябрында эле кабыл алынган жана азыр реформалоо процесси жүрүп жатат.

ЭВФтин аткаруу кеңеши квоталарды 14-жалпы кайра кароону бүтүрүп, аны эки эсе көбөйтүүнү сунуштаган. Мунун натыйжасында квоталык үлүштөр жандуу өсүп, рыногу калыптанып келе жаткан өлкөлөр менен өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин пайдасына 6 пайыздан жогору тийгидей кайра бөлүштүрүлүшү керек. Бул ашыкча өкүлчүлүк берилген өлкөлөрдүн эсебинен жетишсиз өкүлчүлүк ыйгарылгандарга алып берүү жолу менен жасалып, эң жакыр мүчө өлкөлөрдүн квоталык үлүштөрү менен добуштарынын саны мурдагыдай сакталып калат. 

"Фонддун күндөлүк иш-аракеттерине байкоо жүргүзүүчү Аткаруу кеңеши бул реформалоо пакетин фондго мүчө бардык 187 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган башкаруучулар кеңешине сунуштады. Ал кеңеш квоталарды көбөйтүүнү бекитиши керек", — деп баса белгилешти ЭВФнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө.

Экономист Азамат Акелеев Sputnik менен болгон маегинде реформалар зарыл, себеби дүйнөлүк каржылык абал системанын толук кандуу мүчөсү болууну каалагандарды эсепке алышы керек экендигин айтты.

Анын сөзүнө караганда, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр өнүгүүгө карата өз мүмкүнчүлүктөрүн алышы керек жана анын аркасынан болуучу өзгөрүүлөр жакшы натыйжа бериши мүмкүн.

"ЭВФтин Түшүк Корея, Түркия, Бразилия, Индия өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө жасаган салымдары өз убагында аларга дүйнөлүк экономикалык рыноктун толук кандуу катышуучулары болууга жардам берген. Эми фонд башкаларга да мүмкүнчүлүк бериши керек. Мисалы, Түштүк-Чыгыш Азияга. Буга 10 жылдай убакыт кетиши мүмкүн", — дейт адис.

Акелеев Кыргызстан бардык баштаган реформаларды өз убагында аягына чыгарып турса, өз экономикасынын өнүгүшүнө ЭВФтин таасири күчтүү болушуна талапкерлене алмак. 

"20 жылда КРдин экономикалык өсүшү 5 пайызды гана түздү, бул эки эсе көп болушу да мүмкүн эле. Жарым-жартылай өсүш биздин экономикага абдан керек болгон рынок атаандаштыгынын жоктугуна байланышкан", — деп белгиледи экономист.

Анын айтымында, эгер эл аралык каржы институттары өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө басым жасай турган болсо, Кыргызстандын өз экономикасын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул өтө жай жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0