БИШКЕК, 30 янв — Sputnik. Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин (ЫЧФУ)окумуштуулары Альцгеймер оорусун жеңе турган затты ойлоп табышты. Аны адамдарга колдонуу менен сыноодон өткөрүү келерки жылы башталат деп билдирет РИА Новости окуу жайына таянуу менен.
"Уникалдуу касиеттерге ээ бул зат ыраакы чыгыштык окумуштуулар тарабынан алынды. Жаңы дарынын молекулярдык түзүлүшү азырынча жашыруун сакталууда. Бирок ага окшош кошулмалар жүрөк-тамыр ооруларында кандын уюп калышына жол бербөө үчүн колдонула тургандыгы белгилүү", — деп айтылат билдирүүдө.
Дарыны пайдалануу баш мээдеги амилоид шишикчелеринин тарашына жардам берет. Аталган шишиктердин көп болушу унутчаактыкка, эс тутумунун начарлашына жана когнитивдүү функциялардын бузулушуна алып келет. Дүйнөлүк окумуштуулардын негизги илимий божомолдоосуна ылайык, Альцгеймер оорусунуна себепкер болуп дал ошол бета-амилоиддин топтолушу эсептелет.
Университеттин лабораторияларында жаныбарларга жана клеткалык биоструктураларга карата жүргүзүлгөн тажрыйбалар ЫЧФУнун окумуштууларынын божомолдорун ырастады. Алардын маалыматтарына ылайык, дарыны колдонгондон кийин амилоиддин саны кескин азаят, жана мүмкүн, ушул каражат Альцгеймер оорусуна чалдыккан бейтаптардын абалын жакшыртууга жардам болот.
Азыр университеттин окумуштуулар жамааты жаңы каражатты клиникага чейинки сыноолордон өткөрүп жатат. Иштер "ХимРар" жогорку технологиялар борборунун Химиялык көп түрдүүлүк изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Бул ишкана дары-дармектерди иштеп чыгуу жагынан дүйнөлүк лидер болуп эсептелет. Мындай кызматташтык "Фармацевтикалык жана медициналык өнөр жайды өнүктүрүү" ("Фарма-2020") федералдык максаттуу программанын аркасы менен ишке ашырылууда. Адамдарга карата клиникалык сыноолордо пайдаланууга боло турган дарынын алгачкы прототибин 2016-жылдын аягында чыгаруу пландалып жатат.
Клиникага чейинки изилдөөлөр эки жерде — в лабораториях Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин жана Москвага жакын жердеги "ХимРар" ишканасынын лабораторияларында жүрүп жатат.
Үстүдөгү жылдын февралында Химиялык көп түрдүүлүк изилдөө институтунун окумуштуулары жаңы затты талап кылынган көлөмдө ЫЧФУдагы өз кесиптештерине тапшырат. Азыр экинчилери аталган затты лабораториялык жаныбарларга сыноолорду улантуу үчүн күтүп жатышат.
Немис дарыгери Алоис Альцгеймер 1907-жылы тубаса эмес кем акылдыктын (деменциянын) кеңири тараган түрү болуп эсептелген ооруга биринчи жолу сүрөттөмө берген. Немис окумуштуусунун атын алып жүрүүчү бул оору адамдын баш мээсинин дегенеративдүү дарты болуп эсептелет жана интеллектин төмөндөшү менен коштолот. Статистикалык маалыматтарга караганда, Альцгеймер оорусуна чалдыкканы аныкталгандан кийин бейтап орто эсеп менен жети жыл жашайт, жана оорулуулардын үч пайызы гана 15 жылдан ашык өмүр сүрүшү мүмкүн.