БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. "Эс алуу күндөрүн узартып же балдар мекемелерин жабуу кызылча оорусуна каршы натыйжалуу каражат болуп эсептелбейт", — деп билдирди КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиялык көзөмөл департаментинин алдындагы карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев.
Ал кызылча менен оорунун күч алышы негизинен 10-19 жаш курактагы балдардын арасында байкалат деп билдирди.
"Оорунун күч алышы кызылчанын D-8 генотибиндеги вирусунан келип чыкты. Биз бул генотипти ырастоо үчүн үлгүлөрүн башка лабораторияларга да жибергенбиз. Ошол эле генотипти бүгүнкү күндө Россия менен Казакстанда жашоочулар да жуктуруп алган", — деди Үсөнбаев.
Адистин айтымында, кызылча оорусу боюнча пайда болгон кырдаалга байланыштуу бардык жерде карантин жарыялоонун зарылчылыгы жок.
"Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кызылча оорусу боюнча кенен масштабдагы карантин киргизүүгө байланышкан иш-чараларды жүргүзүү кеңеш кылынбайт. Анын бир нече себеби бар. Эң башкысы оорунун узак убакыт ачыкка чыкпай туюк өтүшү эсептелет", — деп белгиледи борбордун жетекчиси.
Оору жашыруун абалда 10 күндөн 21 күнгө чейин созулат деп баса белгиледи ал. Балдар мекемелерин жаап салуу максатка ылайык келбейт, себеби даарыгерлердин оору жуктуруп алгандарды аныктоо мүмкүнчүлүгү жоголот.
"Мектептер менен балдар бакчаларында күн сайын жүргүзүлчү мониторинг, ошондой эле короомо-короо кыдырып текшерүүлөр көбүрөөк натыйжа берет. Медицина кызматтары катаралдуу көрүнүштөр, жөтөлүп чүчкүрүүлөр аныкталган учурда оору жугузуп алышы мүмкүн деп эсептелген адамды дароо башкалардан бөлүп коёт", — деп түшүндүрдү Үсөнбаев.
Эгер балдар үйдө болсо, оорулууну аныктап башкалардан өзүнчө кармоо кыйын болот. Мындай шарттарда бейтаптын туугандары ооруну алдын ала аныктай албагандыгынан абал оорлоп, башкалар, эмделбеген балдар да жугузуп алуу коркунучу күчөйт деп белгиледи эпидемиолог.
"Ооруну жугузуп алуу коркунучу эмделбегендер же аны мөөнөтүнөн кечиктирип жасагандар үчүн өтө чоң. Негизинен бул мигранттардын эмделбей калган балдары, ошондой эле диний ишеничтерге байланыштуу баш тарткандар. Дин маселеси өтө курч турат, себеби мыйзам боюнча эмдөөдөн өтпөгөн балдарга мектепке жана башка мекемелерге барууга тыюу салынат", — деп билдирди Үсөнбаев.
Кызылча оорусуна каршы балдар бир жашында жана алты жашында эмделет, ал эми эмдөөлөрдүн ортосунда аралыкты бузуу эмделген балдардын да ооруга чалдыгуусуна себеп болот.
"Бүгүнкү күндө 16 миң эм салынды, бирок коомдо вакцинанын сапаты тууралуу айың кептер жүрүп жатат. Бардык препараттар сыноодон өткөн өндүрүүчүлөрдөн ЮНИСЕФ аркылуу алынып жатат, алар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан кайра квалификациядан өткөн. Андан калса, вакциналар GMPге ылайык келүүсү боюнча эл аралык серитификатка ээ. Мындан башка вакциналар Кыргызстанга келбейт", — деп кошумчалады адис.
Кызылчага каршы вакциналар Франциядан жана Голландиядан сатылып алынды деп баса белгиледи ал.