БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев аскердеги агрессия маселесин аскердик психологиянын жана аскердик педагогиканын ролун терең түшүнүү менен гана чечсе болот деп эсептейт. Күч кызматынын ардагери жоокерлердин ортосунда чыр-чатакка түрткү бериши мүмкүн болгон себептер жөнүндө Sputnik кабарчысы менен ой бөлүштү.
Money, money, money…
Көпчүлүк ата-энелер мындай балдарды эптеп аскерге киргизип коюу аракетин көрүү менен чоң жаңылыштык кетиришет. Себеби баарына кызыктуу көрүнгөн жана курсагын тойгузганга мүмкүндүк берүүчү милицияга Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөбөгөндөр кирип иштей албайт да. Ушундай руханий жактан кедей, турмушка заарданган адамдар анан аскерге барып өз көйгөйлөрүн зомбулук менен чечүүгө аракет кылышат.
Чек аранын сүрү чоң
Чек ара — адамдын мүнөзү, маданияты жана эрки сыноодон өтүүчү аймак. Совет мезгилинде дал ушул чек ара күчтөрүнө жана Ички иштер министрлигинин кызматына чакырыла тургандар өзгөчө кылдат тандалчу. Бүгүнкү күндө бул багытта кетирилген кемчиликтердин кесепети дароо эле өз таасирин тийгизип жатат деп ырастоого болот. Ошол "башы да ордунда эмес, эки буту тең аксак" аскерге чакырылгандар кызмат өтөгөн жерлеринде маселелерди жарат.
Чек ара аскеринде болсо кызматтын бөтөнчө болушуна байланыштуу жоокерлер чектеш өлкөлөрдүн катардагы жарандары тараптан да, өз кызматташтары тараптан да заардуу, катуу мамилеге туш болот. Ошондой эле жарандардын чек ара аркылуу өтүү учурунда мыйзамсыз киреше алуу сыяктуу көрүнүш да таасир этет. Акча, эреже катары, наамы жогорураак кызматкерге тиет. Ал эми психикасы туруксуз жаш балдар муну көрүп, эмнеси болсо да акчалуу болуштун аракетин жасайт.
Саясий тарбиячы — бизге эне, командир — өз ата…
Өзүңөргө бир суроо берип көргүлө: өткөн жылы жаштардын канчасы өзүн өзү өлтүрүүгө барды дейсиз? Алардын саны үрөй учурат — өз жанын өзү кыйган жаш жигиттер менен кыздардын саны миңден ашат. Бул өсүп келе жаткан жаңы муундардын психологиялык абалы начар экендигин билдирет. Эми ушундай моралдык көз карашы туруксуз адамдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн катарына келип, колуна курал алуу менен коомго коркунуч туудуруп жатат. Ал эми пайда болгон психологиялык кыйынчылыктарды дал ошол тарбия иштери боюнча жетекчи чечиши керек. Колунда таасирдүү курал-каражаты жок, ал жоокерлердин психикалык абалын кантип оңдой алат дейсиз?
Жалпы кызыкчылык
Бүгүнкү күндө жоокерлерди тарбиялоо маселеси биз ойлогондон жогору турат. Аскерге чакырылуучуларды тандоо деңгээлинин төмөндүгү, тарбия берүүчүлөрдү даярдоонун начарлыгы, катардагы жоокерлердин да, офицерлердин да кызмат өтөөгө болгон кызыгуусунун төмөндүгү бүгүн биз аскер күчтөрүндө көрүп жаткандардын себеби болуп эсептелет.
Бул маселени аскердик психологиянын жана аскердик педагогиканын ролун терең түшүнүү менен гана чечсе болот. Жана бул идеология жалпы улуттук деңгээлде иштелип чыгышы керек.