БИШКЕК, 20-янв — Sputnik. Акча алмаштыруу боюнча менчик жайларды жабуу маселесин коомдук талкууга катышкандардын пикири бир эмес. Тараптар ар түрдүү көз караштарын билдирип, бирок конструктивдүү диалогду улантыш керек деген бир ойго келишти.
Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси Заир Чокоев жолугушуу анын пикирин өзгөртпөгөндүгүн айтты.
"1993-жылы ачылган бул рынок акча алмаштыруу жайларынан толук тазаланышы керек. Аталган жайлар — калк менен банктардын ортомчусу. Жана анын болушу дайыма валютанын баасынын өсүшүнө алып келет. Мен жаран катары, айрым акча алмаштыруу жайларынын өз билүүчүлүк аракеттеринен коргоону жактайм. Азыр бул рынок болобу же болбойбу деген суроо турат. Геосаясий өзгөчөлүктөрүбүздү жана биздин рынокто чет элдик валюта кайдан келерин эске алганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн каржы тармагына белгилүү бир коркунуч туулат. Мисалы, Россия менен Казакстанда бул маселеден эчак эле арылышкан", — деди Чокоев.
Серепчинин айтымында, бул көптөн бери келе жаткан маселе. 2009-жылдан тартып эле Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын тартипке келтирүүнү демилгелеп келет. Өткөн жылы эле аталган жайларда 1 миң 100 текшерүү жүргүзүлгөн.
"Биз нетто-импорттоочу болуп эсептелебиз, ошондуктан чет элдик валютага карата суроо-талап республикада дайыма болот. Ал эми акча алмаштыруу жайларынын саны рынокто расмий маалыматтарга туура келбейт. Бул болсо эсепке алынбаган кирешелердин бар экендигин билдирет. Каттоого алынган 309 жай эле эмес, миңдеген жайлар иштеп жатат. Маселени чечүү боюнча биздин сунуштарыбыз мындай: акча алмаштыруу жайларынын каржылык шарттарына карата талаптарды жогорулатып, ишиндеги мыйзам бузуулар үчүн салынчу айыпты катуулатуу зарыл", — деп баса белгиледи кеңешчи.
Мындай чаралар акча алмаштыруу жайларын ирилешүүгө алып келиши керек деп сөзүн жыйынтыктады серепчи.
Акча алмаштыруу жайларынын "Альянс" деп аталуучу ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков жалпысынан талкуунун натыйжаларына канааттангандыгын жана мындан ары укук чегинде гана иш-аракеттер көрүлөрүн айтты.
"Биз үчүн бул мындай форматтагы биринчи жолугушуу болгондугун айттым. Талкуунун жыйынтыктары боюнча биз Улуттук банк менен аталган маселенин үстүндө түздөн-түз иш алып барабыз. Ассоциация тараптан жөнгө салуу жолдору иштелип чыгып, мыйзам долбоору боюнча сунуштарды мындан ары бирге талкууламакчыбыз. Биз ошондой эле ачык иштөөчү 309 акча алмаштыруу жайын жаман атты кылып жаткан көмүскө жайларды мыйзамдаштыруу боюнча ишти да улантабыз. Муну аткаруу Улуттук банктын милдети экенине карабастан, биз да кызыктарбыз", — деди Чойбеков.
Ассоциациянын жетекчисинин айтымында, бардык иш-аракеттер конструктивдүү диалогду улантууга жана абалдан чыгуу боюнча бир пикирге келүүгө багытталат.
Ишкердик ассоциациялардын улуттук бирикмесинин төрагасы Улук Кадырбаев бул жолугушуудан күткөндөрүнүн баары ырасталганын жана диалог конкреттүүрөөк түргө өтө турганын белгиледи.
"Акча алмаштыруу жайларынын ишкерлери өкмөт тиги же бул иш-аракетке толук тыюу сала турган чараларды көрбөшү керектигине көңүл бургулары келет. Мен алар менен биринчи кеңешпей туруп Улуттук банк тарабынан көтөрүлгөн демилгеге каршы күрөшүп жаткан бул кесиптештеримди түшүнөм. Мындай демилгени көтөрүп чыгардан мурун, аны талкуулаш керек эле да. Бизде баягы адатыбызча эле, биринчи кабыл алып туруп, анан талкуулай баштайбыз", — деп түшүндүрдү Кадырбаев.