Армениянын жарандарына эми Россияда иштөөгө уруксат талап кылынбайт

© Sputnik / Алина Старостина / Медиабанкка өтүүАрхив: армянский и российский флаги
Архив: армянский и российский флаги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армениянын ЕАЭБга киришинин аркасында россиялык жумуш берүүчүлөр бул өлкөнүн жарандарын эч бир чектөөсүз ишке тарта алышат.

БИШКЕК, 14 янв — Sputnik. Армениянын жарандары эми эмгек укугу жагынан россиялыктарга теңештирилди. Бул 2015-жылдын 2-январында аталган өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушунун аркасында мүмкүн болду деп билдирет РИА Новости  Россия өкмөтүнө таянуу менен.

ЕАЭБга кошулуу жөнүндө Армения менен келишимге өткөн жылдын октябрында кол коюлган жана биримдикке мүчө бардык өлкөлөрдүн парламенттеринде ратификацияланды. 

"Россиянын жумуш берүүчүлөр армениялык жарандарды эми эч бир чектөөсүз ишке тарта алышат. Муну менен алар иштөө укугу жагынан россиялыктарга теңештирилди. Андан сырткары, Россия менен Армяниянын эки тараптуу макулдашуусуна ылайык, Армениянын жарандары 30 күндүк мөөнөттө миграциялык каттоого туруу талабынан бошотулат", — деп белгилешет өкмөттөн.

Мигранты получают документы в ФМС в Томске - Sputnik Кыргызстан
Россияга иштеш үчүн келген кыргызстандык мигранттардын саны туруктуу
Армениялык мигранттар үчүн жеңилдик берүүчү дагы бир жагдай болуп иштөөгө уруксат берүүчү документ алуу талабынын жоюлушу эсептелет. 

Арменияда берилген жогорку окуу жайларынын дипломдору, мектеп аттестаттары жана билими тууралуу башка документтер Россияда да таанылат. Мында аталган документтерди таануу процедурасынан өтүү педагогдорго, юристтерге, медицина кызматкерлерине же фармацевттерге гана талап кылынат. 

Россияда жүрүү мөөнөтү чек арадан өткөн мезгилден тартып 30 күндөн ашпаса, Армениядан келген меймандардан миграциялык карта толтуруу да талап кылынбайт. Бирок РФке чет элдик паспорт менен кирүү тартиби сакталат. 

"Армениялык жарандар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Россияда жүрүү мөөнөтүнүн узактыгы жумуш берүүчү менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнө жараша болот", — деп тактап айтышты министрлер кабинетинен.

Ошондой эле эмгек келишими мөөнөтүнөн мурун жоюлган учурда иштөөчү РФтин аймагынан чыкпай туруп 15 күндүн ичинде жаңы келишим түзүүгө укуктуу. 

Министрлер кабинетинен түшүндүрмө берилгендей, пенсиядан башка бардык социалдык камсыздандыруу иштеп жаткан жарандар үчүн россиялыктар менен бирдей шарттарда жана ошондой эле тартипте жүргүзүлөт. Мигранттардын эмгек китепчелеринде Россияда иштеген мөөнөтү жалпы эмгек күнүнүн эсебине кирет.

"Армениялык жумушчунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн пенсия көлөмү жана мөөнөтү туруктуу жашоочу өлкөнүн мыйзамдары аркылуу, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы эл аралык макулдашууларга ылайык жөнгө салынмакчы", — деп белгилешти өкмөттөн.

ЕАЭБ кантип түзүлгөн

Евразиялык экономикалык шериктештик (ЕАЭБ) — евразиялык интеграциялоонун алкагында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүлүп жаткан экономикалык биримдик. Экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграциялоонун алкагында кызматташтык мурдагы советтик мейкиндикте 1990-жылдардын аягынан бери жүргүзүлүп келе жатат. 1999-жылдын 26-февралынан тартып Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик тууралуу Келишимге кол коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0