https://sputnik.kg/20150112/1013982963.html
Сириядагы согушка кишилерди Стамбул аркылуу жөнөткөн каналда 7-8 адам иштейт
Сириядагы согушка кишилерди Стамбул аркылуу жөнөткөн каналда 7-8 адам иштейт
Sputnik Кыргызстан
Сирияга жихадка Стамбул аркылуу кеткендерди Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Чеченстандын 7-8 жараны жөнөтүп турат. 12.01.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-01-12T09:44+0600
2015-01-12T09:44+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101398/32/1013983222_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_d6080116b074907aea9541286e01f7bc.jpg.webp
сирия
ош
түркия
стамбул
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, кыргызстан, коом, жаңылыктар, сирия, ош, түркия, стамбул
окуялар, кыргызстан, коом, жаңылыктар, сирия, ош, түркия, стамбул
Сириядагы согушка кишилерди Стамбул аркылуу жөнөткөн каналда 7-8 адам иштейт
09:44 12.01.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Сирияга жихадка Стамбул аркылуу кеткендерди Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Чеченстандын 7-8 жараны жөнөтүп турат.
БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында Сириядагы согушка жиберген каналда 7-8 адам иштейт. Бул туурасында Сирияга кишилерди Стамбул каналы аркылуу жөнөтүп жүрүп кармалып, учурда Ош шаарында УКМКнын убактылуу кармоо жайында отурган Мухамедсадыр аттуу кыргызстандык жаран айтып берди.
25 Бештин айы 2014, 14:14
21 жаштагы Ош шаарынын тургуну Мухамедсадыр декабрдын аягында УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы тарабынан Стамбулдан алынып келинген.
Мухамедсадырдын айтымында, аталган каналда иштегендер – Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Чеченстандын жарандары. Алардын ичинен экөө Өзбекстандын Анжиян жана Наманган облустарынын "Абуали" жана "Салим" деген каймана ат менен жүргөн тургундары.
УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынан Сирияга киши жөнөтүп иштегендер каймана ат менен жүрөрүн, ал жашыруун иш алып буруусу үчүн колдонулаарын кошумчалады.
УКМК басма сөз кызматынын берген маалыматында, Сирияда жүрүп жаткан чыр-чатактарга катышуу үчүн 2011-2014-жылдар аралыгында Кыргызстандан 200гө чукул адам кеткен.
Ал эми бул көрсөткүч Ош облусу менен Ош шаарынан орто эсеп менен алганда, 126 адамга жакындап барат.