БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев чет элдиктердин Россияда аскердик кызмат өтөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Sputnikтин кабарчысынын суроолоруна жооп берди.
— 2-январда РФтин президенти Владимир Путин Россиянын куралдуу күчтөрүндө чет элдиктерге келишим боюнча аскердик кызмат өтөөгө уруксат бере турган жарлыкка кол койду. Кандай дейсиз, биздин жарандар мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга кызыгабы?
— Мен, аскер адамы катары, кыргызстандыктар ИМ ("Ислам мамлекети") же башка ошол сыяктуу түзүмдөрдөн көрө, Россияда кызмат өтөгөнү артык деп айта алам. Биздин ондогон жарандар Афганистанда "Талибан" тарапта согушкан. Эми карагыла, биздин өлкөнүн тургундары Сирияга согушчандардын катарында күрөшүүгө кетип жатышат. Менин билишимче, 500дөн ашык адам азыр согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта. Алар өзүлөрү үчүн, республика үчүн эмне пайда табышат? Диний фанатизмден башка табар эч нерселери жок. Анан калса, динге мындай сокур берилгендикти алар бизге да алып келишет. РФ жөнүндө айтсак, биздин аскерлер өзүлөрүнүн материалдык абалын жакшырта алышат жана, менимче, дал ушул фактор чечүүчү болот. Андан сырткары, аскер кызматкерлери өзүлөрүнүн аскердик-билим деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк алышары да шексиз.
— Мында "улуттук" маселе курч болбойбу?
— Менимче, андай ойго негиз жок. Путиндин жарлыгынан кийин РФтин коргоо министринин россиялык аскер кызматкерлеринин чет элдик жарандарга карата иш-аракеттери кенен сүрөттөлгөн буйругу чыгат. Россияда көп сандаган элдер сопсонун эле тил табышып жашап келишет, эгер кандайдыр бир маселе пайда болсо да, ал арзыбаган эле күнүмдүк тиричилик деңгээлде болот. Жана, мүмкүн адам фактору менен байланышкан мындай көрүнүштөр, жалпы жагдайды көрсөтпөйт. Эскерте кетсек, кыргызстандыктардан 200 адам Украинада чыр-чатак күчөп турганда жардам берүү үчүн Россиянын аскерине кирүүнү каалагандыктарын дароо билдиришкен. Же казак улутундагы полковник Серик Султангабиевди алалык, ал жоокерлерди сактап калыш үчүн өз денеси менен гранатаны жаап калган. Бул жагдайлар мурдагы СССР элдеринин ортосундагы байланыш дагы эле үзүлө электигин айтып турат. РФтин жетекчилиги муну жакшы түшүнөт.
— Чет элдик жарандарга өз аскеринде кызмат өтөөгө уруксат берүүнүн Россияга кереги эмне?
— 30 ашык Европа өлкөлөрү Улуу Ата мекендик согушка катышкан, эми ошол эле мамлекеттер ЕБнын курамында Россияга каршы санкцияларды киргизип, анын күчүн кетирүүгө болушунча аракет кылып жатат. Тилектеш коңшу өлкөлөрсүз Россия дүйнөлүк улуу мамлекет боло албайт. Жаңы бутуна туруп келе жаткан мамлекетти баары кайра чөгөрүүгө аракет кылган азыркы дүйнөдө Евразия континентиндеги кызматташтык андай аракеттерге каршы олуттуу бөгөт болот. Жана Кыргызстандын ЕАЭБга кириши муну жакшы ырастап турат. Кызматташтык экономикалык, маданий жана саясий гана эмес, аскердик да болушу керек. Жана, албетте, бул фактор биздин коопсуздугубузга да оң таасирин берет.
— Мындай шериктештиктен пайда болобу?
— Мен Ленинграддын Жогорку саясий окуу жайынын бүтүрүүчүсү катары мындай өз ара аракеттешүү биздин өлкөгө пайда гана алып келет деп айта алам. Биздин жоокерлер ЖККУнун жана ШКУнун эл аралык аскердик окууларында эң мыкты натыйжаларды көрсөтүүдө. Жана, менимче, Россияда кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү биздин аскердин жакшыруусуна гана алып келет, себеби келишим боюнча кызмат кылуучулар (жоокерлер, офицерлер), кайра келгенден кийин өз тажрыйбаларын биздин аскерлер менен бөлүшөт да. Мен муну өз мисалым менен ырастай алам: Ленинграддын Жогорку Саясий окуу жайын бүтүргөндүгүбүздүн 40 жылдыгына арналган жолугушууда биз өлкөлөрдүн аскердик тармакта кызматташуу келечегин кенен талкуулаганбыз. Мындан сегиз жыл мурун эле мен биздин Коргоо министрлигине РФ менен кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштаган элем. Мисалы, кыргызстандык жана башка аскерлер үчүн аскер-деңиз кызматын өздөштүрүү үчүн биздин Ысык-Көлдө машыгуу базасын ачып же танк, аба аскерлери боюнча шериктештикти жакшыртууну сунуш кылгам.