БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. КР соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) өнөр жай саясаты, экспортту колдоо, инфраструктураны өнүктүрүү жана логистика маселелери комитетинин төрагасы Кубат Рахимов рыноктогу өзгөрүүлөрдүн себебинен күйүүчү жана майлоочу майлардын баасын бир аз төмөндөтүү Кыргызстандын дефициттүү бюджети үчүн туура анча эмес чечим деп эсептейт.
Экинчиси — таза рыноктук түрү. Мисалы, АКШдагы КММ рыногу. Мунайдын баасынын дүйнөлүк рынокто өзгөрүшү бир аз кечеңдөө менен дароо эле мунай өндүрүмдөрүнүн баасына таасир кылат. Акциз чоң эмес, баага байланыштырылган, ага жараша салыктык башкаруу жагынан алдын ала пландоо кыйын. Рыноктун мамлекеттик жөнгө салуудан чыгышы күйүүчү жана майлооочу майлардын баасы кескин көтөрүлгөн учурларда терс мүнөзгө ээ болот.
Үчүнчүсү — аралаш. Эреже катары, мамлекет акциздик система аркылуу мунай өндүрүмдөрүнүн баасын жогорку деңгээлде кармап турат. Болгондо да акциз максаттуу каражат чогултуу мүнөзүнө ээ. Ал каражат жол инфраструктурасын колдоого ж.б. жумшалат. Бул Европага, Россияга ж.б. мүнөздүү.
Кыргызстан жөнүндө айтсак, КММ рыногу бир жагынан жеке компаниялар тарабынан монополияланган болсо, экинчи жагынан мамлекет тарабынан толук башкарылып турат. Ошентип, башкаруунун аралаш үлгүсү мунайдын баасы өзгөргөн сайын рыноктун артынан чуркабай, баадагы айырманы жол инфраструктурасын оңдоого убактылуу (өзгөчө кырдаалдык) чогултулчу каражат катары пайдаланып, ийкемдүү башкаруу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Акыркы үч айда бензин менен күйүүчү майы КРда беш жолу түштү. Мүмкүн, бул керектөөчүлөр үчүн жакшы, бирок мамлекеттин бюджетине пайда алып келери шектүү. Мындай учурда популизм өзүн актабай турган көрүнүш, себеби керектөөчүлөр коңшулаш өлкөлөр менен бааны жөн гана үстүртөн салыштыра алышат. Ошондуктан, КММдин баасын коньюктуралык жол менен төмөндөгөндүн ордуна, тескерисинче, инфраструктураны колдоо фондуларына акча каражатынын түшүүсүн көбөйтсө болот. Ооба, Казакстан төмөндөттү, бирок бул республиканын ресурстары жетиштүү жана өз мунайы бар.
КРде жагдай башка, бюджети тартыш, жолдору оңдоого муктаж. Ошондуктан, керектөөчүлөр инфраструктурага салым кошокндугуна кубанычта гана болот деп ойлойм.