00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

40тан ашык бейөкмөт уюмдары Атамбаевдин пикирине жооп кайтарды

Жазылуу
40тан ашык бейөкмөт уюмдары өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин алар тууралуу айткан бир катар ойлору менен макул эместигин билдирип, ага ачык кайрылуу жолдошту.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде "Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү" мыйзам долбоору жөнүндө өз билдирген эле. Мыйзам долбоорунда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын каржы булактарын көзөмөлгө алуу керектиги айтылат.

Мамлекет башчысы кээ бир бейөкмөт уюмдардын ишмердигинен "катылган саясый күчтөрдүн" аракеттерин көрүп жатканын жашырган эмес. Бул уюмдар шайлоо маалында жанданып, саясый процесстерге олуттуу таасир бериши мүмкүн деген. 

Өз кезегинде Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өлкө президентинин мындай оюна жооп катары өздөрүнүн кайрылуусун жолдошту. 40тан ашык бейөкмөт уюму кол койгон билдирүүдө президент Атамбаевдин өлкөнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданып атканын түшүнүү менен кабыл алышарын жана өлкө башчысынын бул багыттагы аракеттерин колдоого аларын билдиришкен. Бирок, бейөкмөт уюмдар мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч алып келет деген пикирине нааразы болушканын белгилешкен. 

"Өлкөнүн жаңы тарыхы көрсөткөндөй, Кыргызстан эгемендигин алгандан бери бейөкмөт уюмдар өлкөгө каршы иштеген бир да учур болгон эмес. Кыргызстанга зыян алып келүүнү каалагандар коммерциялык уюмдарды түзүп, мамлекеттик органдардын башка бөлүмдөрү же мамлекеттик кызматкерлер аркылуу деле жасай алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттин коопсуздугун бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектеп, жаңы тоскоолдуктарды түзүү аркылуу камсыздабастан, улуттук коопсуздук органдарынын натыйжалуу кадамдары менен ишке ашыруу зарыл, дешет алар.

Кыргызстандагы Медиа полиси институтунун жетекчиси Бегаим Усенова президент сөз кылып жаткан мыйзам долбоору толук иштелип чыга электигин белгиледи. 

"Бейөкмөт уюмдары жөнүндөгү" мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдардын саясий ишмердик менен алектенип жатканы кандай жол менен текшериле турганы так жазылган эмес. Алар жалпыланып гана белгиленген", — дейт ал. 

Ошол эле учурда бейөкмөт уюмдар коомдогу адилеттиктин орношуна чоң салым кошо турганын Бегаим Усенова кошумчалады.

"Мына, Токмокто бир канча убакыттан бери соттун чечимин күтүп камакта жатып, ден-соолугу начарлаган кыздын тагдырын алалы. Бул окуяны бейөкмөт уюмдар биринчилерден болуп көтөрүп чыкты. Ошондой эле шайлоо учурунда да бир катар бейөкмөт уюмдар шайлоонун ачык, адилет өтүшүнө өз салымын кошууда", — деди ал.

Мыйзам долбоорунун максаты

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев тарабынан демилгеленген. Мыйзам долбооруна ылайык, чет жактан каржыланган коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар "чет элдин тыңчысы" катары сыпатталат. Бирок, Венециялык комиссия менен ЕККУ бул мыйзам долбоору эл аралык стандарттарга жана Конституцияга карама-каршы келгендиктен, аны кабыл албоону сунушташууда. Андан сырткары, алар мыйзам долбоору бийлик өкүлдөрү тарабынан жакпаган бейөкмөт уюмдарды кодулоого багытталган деген оюн билдиришкен. 

Президентке жолдонгон кайрылууга кол койгондордун катарында "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын башчысы Төлөйкан Исмаилова да бар. Ал бийлик тараптан сунушталып жаткан бул мыйзам долбоору туура эмес экендигин айтат. Жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде бийлик бейөкмөт уюмдарын кысымга алып, өздөрү каалаганын жасаткылары келип жатат деп билдирген.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбооруна ылайык, эгер бейөкмөт уюмдар коммерциялык эмес уюмдардын реестрине катталуу тууралуу арызын бербеген болсо, ыйгарым укуктуу орган өз чечими менен чет элдик тыңчынын милдетин аткарып жатат делген коммерциялык эмес уюмдун ишмердигин алты айдан ашык эмес мөөнөткө токтото алат. Уюмдун иши токтотулгандан кийин алардын массалык акцияларды жана иш чараларды өткөрүүсүнө, банктагы эсебин колдонууга тыюу салынат. Болгону чарбалык жана эмгек келишими боюнча эсептерди жабуу үчүн банк эсебин колдонууга уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0