БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Болгариянын уруксатынын жоктугуна жана долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылып жаткан Еврокомиссиянын позициясына байланыштуу Россия "Түштүк агым" долбоорун ишке ашыруудан баш тартууну чечти. Бирок, Европа Россиядан келчү газы жок калбайт — "Газпром" менен Түркиянын BOTAS компаниясы Кара деңиз аркылуу жаңы газ түтүгүн куруу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Анын кубаттуулугу жылына 63 миллиард кубометрди түзмөкчү. Иш жүзүндө "Түштүк агымы" Түркияга бурулуп, "Газпромдун" мурдагы долбоорго кеткен чыгымы текке кетпейт, деп жазат РИА Новости.
РИА Новости сурамжыга алган талдоочулар "Түштүк агым" долбоорун ишке ашыруудан баш тартуу жөнүндө чечимди "Газпромдун" акция ээлери жакшы эле кабыл алышат", деп эсептешет. Эгер мурда долбоордун энергосаясий максатка ылайык келиши биринчи орунда турса, жаңы долбоордо экономикалык натыйжалуулук башкы орунду ээлейт. Газ түтүгү өтүшү керек болгон Европа өлкөлөрү транзит үчүн төлөм түрүндөгү кирешеден куру калышат, ал эми Түркия мурдатан бери эле ойлоп келе жаткан Европа үчүн газ өткөрүүчү өлкө болуу планын ишке ашыра алат.
РФтин президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү Түркиядагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россия азыркы шарттарда "Түштүк агымын" ишке ашырууну уланта албайт деп билдирди. Буга Болгариянын газ түтүктөрүнүн кургактык менен өтүүчү бөлүгүн курууга уруксат бербегендиги жана Европа Биримдигинин конструктивдүү эмес позицияда тургандыгы себепчи экендигин белгиледи.
Ошол эле учурда Түркиянын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн РФ жаңы газ өткөрүүчү системаны курмакчы.
Кийинчерээк "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер "Газпром" менен Түркиянын BOTAS компаниясынын ортосунда Кара деңиз аркылуу Түркияны көздөй жаңы газ түтүгүн куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшканын, аталган түтүктүн кубаттуулугу жылына 63 миллиард кубометрди түзөрүн, Түркияга берүү үчүн 14 миллиард кубометр газ каралгандыгын билдирди. Калган көлөмү — бул 50 миллиард кубометрге жакын газ — Түркия менен Грециянын чек арасына жеткирилет. Жаңы газ түтүгүнүн жалпы кубаттуулугу "Түштүк агым" менен бирдей болот.
Артка жол жок
Алексей Миллер билдиргендей, "Түштүк агымга" кайрадан кайрылуу мүмкүн эмес, долбоор толук жабылды.
Мында Россиянын Энергетика министрлигинин башчысы Россия газ боюнча Европа өлкөлөрү менен болгон келишимдерди мындан ары да аткара тургандыгын ырастады.
"Азыр жагдай мурдагыдай эле, бул келишимдер да, өкмөттөр аралык макулдашуулар да күчүн жоготкон жок. Ал эми Европа өлкөлөрү азыр Европа комиссиясы аркылуу "Түштүк агымдын" ишке ашырылышын эч каалабай жатканы – бул башка кеп", — деди Новак журналисттерге.
"Келишимдердин аткарылышы жөнүндө айтсам, менимче, Россия тарап алардан баш тартпайт. Эмнеси болсо да биз Европа өлкөлөрүнө газ сатуучу ишенимдүү өлкө бойдон калабыз. Жаңы сунушту эске алуу менен бул маселе кенен каралып, иштелип чыгат", — деп кошумчалады РФтин Энергетика министри.
Түркия – тилектер орундалат
Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун Башкы директорунун орун басары Алексей Гривачтын сөзүнө караганда, Түркия мындай долбоор жөнүндө көптөн бери кыялданып келген.
"Бул алардын энергетикалык стратегиясында эбак эле жазылган. Алар муну ишке ашырууга ырааттуу аракет жасап келишкен, бирок, биз билгендей, Иран узак убакыт бою бөлүнүп, четте калган болчу. Ирандын газы менен ишке ашпай калгандан кийин бул долбоор Азербайжандын газынын эсебинен ишке ашырылууда. Анткен менен, ал толук кандуу эмес, кубаттуу агымга алы жетпейт. Кеп жылына 10 миллиард кубометр газ жөнүндө болуп жатпайбы", — деп белгиледи ал.
"Россиялык газдын пайда болушу, албетте, кырдаалды кескин өзгөртөт. Бул ошол эле "Түштүк агымы", бирок, ал эми Болгарияга эмес, Түркияга келет. Муну "Көгүлтүр агымдын" кеңейиши деппи же жаңы долбоор деппи, каалагандай атаса болот", — деп кошумчалады Гривач.
Анын маалыматы боюнча, мындай чечимден "Газпром" анчалык деле чоң чыгым тартпайт. Буга чейин иштер РФтин аймагында жүрүп келген жана алар мурдагы "Түштүк коридору" деп аталган газ ташуу системасын кеңейтүүдөн турган. Газ түтүктөрүнүн кубаттуулугун жогорулатуу "Түштүк агымы" менен газ берүүдөн сырткары өлкөнүн бир катар түштүк аймактарына берилчү газдын көлөмүн көтөрүүнү да камтыйт. Канткен менен, аталган аймактарда кыш мезгилинде газ көп колдонулган учурда анын жетишсиздиги сезилет эмеспи.
"Түштүк агымы" үчүн сатып алынган түтүктөргө, түтүктөрдү орнотуу иштери боюнча келишимдерге байланыштуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Бирок, кыязы, жагдайды эске алуу менен, муну өнөктөштөр менен биргелешип жөнгө салууга болот. Эгер газды Түркияга жеткирүү долбоору ишке ашырылса, ошол эле түтүктөр менен аларды орнотуу боюнча келишимдер аталган долбоорго багытталышы мүмкүн", — деп эсептейт Гривач.
Бирөө кол жууп жатат….
Владимир Путиндин айтымында, "Түштүк агымынын" токтошунан Болгариянын жоготуулары жылына 400 миллион еврону түзөт жана бул өлкө Еврокомиссиядан колдон чыгарып жиберген кирешенин ордун төлөп берүүнү талап кылышы керек.
"Эгер Болгариянын эгемендүү мамлекет катары иш-аракет кылуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал жок дегенде Еврокомиссиядан жоготкон пайдасын төлөп берүүнү талап кылсын, себеби Болгариянын бюджетинин транзиттен алчу түз кирешеси эле жылына 400 миллион евродон кем болмок эмес", — деди ал.
"КИБ сактык банкынын" талдоочусу Валерий Нестеровдун пикири боюнча, европалыктар "Түштүк агымынын" ишке ашырылышына бут тособуз деп жатып, "өз бутун атып алышты".
"Европалыктар долбоордун ишке ашырылышына бут тособуз деп жатып, менимче, өз бутун атып алышты. Себеби, "Түштүк агымы" долбоору негизинен "Газпромдун" эсебинен ишке ашырылып жаткан жана европалыктар үчүн өтө пайдалуу болчу. Анткени, Украинадагы факторлорго карабастан РФтен газдын үзгүлтүксүз берилишин толук кепилдеп турган", — деп белгиледи ал.
"Түштүк агымы" долбоорун алып салуу тууралуу чечим европалык керектөөчүлөргө өз кесепетин тийгизет. Айрыкча, бул долбоорго катышуу сунушталган өлкөлөргө кедергисин тийгизет, анткени алар транзиттен кол жууп калат, ал эми транзит болсо толугу менен Түркияга ооп кетет. "Түштүк агымы" ойлонулуп чыкканга чейин эле "Көгүлтүр агымды" мындай өнүктүрүү жана газды Түркия аркылуу өткөрүү пландары 2000-жылдардын башында эле талкууланган болчу. Азыр бул аргасыз чара сыяктуу көрүнүүдө, себеби европалык рынокко келип, украиналык транзиттик тобокелдиктен кутулуу жакшыраак болмок", — деп сөзүн улантты, өз кезегинде, Гривач.
…А бирөө таап алууда…
"Түштүк агым" долбоорун ишке ашыруудан баш тартуу жөнүндө чечимди "Газпромдун" акция ээлери жакшы эле кабыл алышат, себеби компанияга каржылык жактан келген күч азаят. Дагы бир жакшы жагы, эгер мурда долбоордун энергосаясий максатка ылайык келиши биринчи планда турган болсо, жаңы долбоордо экономикалык натыйжалуулук башкы орунду ээлейт, деп эсептейт Валерий Нестеров.
"Дагы бир жакшы жагы, долбоорду мурдагыдай шашылыш түрдө эмес, жайлатып, акырындык менен ишке ашырса болот… Мурда долбоордун энергосаясий максатка ылайык келиши биринчи планда турчу. Биз үчүн маанилүүсү — эми экономикалык натыйжалуулук башкы орунду ээлемекчи. Бул "Газпромдун"акция ээлери үчүн абдан жакшы. Долбоор акырындык менен, ошондой эле анын ар бир этабынын натыйжалуу ишке ашырылышы кепилденген учурда гана аткарылат. Ошондуктан, "Газпромдун" акция ээлери жагдайдын мындай болуп өзгөрүшүнө ыраазы деп ойлойм", — деди "КИБ сактык банкынын" талдоочусу.
Серепчи эми жакынкы жылдарда бул долбоорго "Газпромдон" аз чыгым талап кылынарын түшүндүрдү. "Газпромдун" ресурстары азыр бир топ кысталышта, анын Ямалда, Сахалинде чоң программалары, ошондой эле ири Сибирь программасы да бар, аларга каражат талап кылынат эмеспи. Ошондуктан, "Түштүк агымы" долбоорун ишке ашыруунун кечеңдетилиши жана анын кайрадан өзгөртүлүшү жакшы эле болду. Бул "Газпром" үчүн пайда алып келет", — деп бүтүрдү ал сөзүн.