БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен 1939-жылы Кыргыз ССРинде беш облус түзүлгөн.
Дал ошол күнү СССРдин Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, анын негизинде Кыргыз ССРинин курамында Фрунзе, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Жалал-Абад жана Ош областтары түзүлгөн.
Президиум борбору Фрунзе шаары болгон Фрунзе областынын түзүлүшүн бекиткен. Анын курамына Фрунзе, Токмок шаарлары, Будённый, Ворошилов, Каганович, Калинин, Кант, Кемин, Киров, Ленинполь, Сталин, Талас жана Чүй райондору кирген.
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаары болуп, аталашы Пржевальск деп өзгөртүлгөн. Аймактын курамына Балыкчы, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Пржевальск, Тоң жана Түп райондору кирген.
Нарын шаары Тянь-Шань облусунун борбору деп жарыяланган. Курамын Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын жана Тогуз-Торо райондору түзгөн.
Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун борбору Жалал-Абад абад шаары болгон. Аймактын курамына Көк-Жаңгак шаарчасы жана Ала-Бука, Базар-Коргон, Жалал-Абад, Караван, Кетмен-Төбө, Ленин, Октябрь, Таш-Көмүр, Үч-Терек жана Чаткал райондору киргизилген.
Ош шаары Ош областынын борбору деп бекитилген. Курамына Кызыл-Кыя шаары, Сүлүктү шаарчасы, Алай, Араван, Баткен, Гүлчө, Кара-Суу, Куршаб, Лейлек, Молотов, Ноокат, Ош, Совет, Өзгөн, Халмион жана Чоң-Алай райондору кирген.
Мындан сырткары, ушул эле жарлык менен Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Тань-Шань округдары жоюлган.
Кыргыз ССРи СССРдин курамындагы республикалардын бири болгон. 1924-жылдын октябрда Орто Азиядагы советтик республикаларды улуттук-мамлекеттик жактан ажыратып чектөө боюнча Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу (АО) болуп түзүлөт. Ал 1925-жылдын май айынан тартып РСФСРдин курамындагы автономдук облус деп кайра аталган эле. Андан ары Кыргыз Автономиялуу облусу — Кыргыз АССР, ал эми 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз ССРи деп аталган.