Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр-чатакка улай өткөн аптада айрым маалымат каражаттары жергиликтүү кеңеш депутаттарына таянуу менен "кыргыз өкмөтү Аксы районундагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп таанып, андагы "Кербен" телемунарасын башка жерге көчүрөт экен" деген маалыматты таркатышты.
Өкмөт да, премьер-министр да, мамлекеттик орган өкүлдөрүн да жерди коңшу өлкөнүн аймагы деп тааныган бир да документке кол койбогонун жар салып, мындай аракетти айрым саясатчылардын провокациясы экенин белгиледи.