"Күтүүсүз белек" мурдатан даярдалган да же чындап эле капыстан болчу, маселен, талапкердин көрүнүктүү кадамы, жаңы табигый кырсыкка болгон реакциясы, тышкы саясат жаатындагы кадамы өңдүү окуялар же маалыматтар болушу мүмкүн. Ушул туурасында Петр Акоповдун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.
Ушул тапта мындай "күтүүсүз белек" эки талапкерге тең керек болуп турат, бирок компроматтар ушунча көп чыгарылды, жаңысы деле "аша чапкан Трампка" деле, "жемкорлукка малынган үй-бүлөсү бар" Байденге деле эч кандай утуш кошумчалачудай эмес.
Президентти тандоодо америкалыктар тышкы саясатка анчалык басым жасашпаганы менен тышкы саясат рейтингге упай кошот. Азыркы президент башка мамлекеттердин жетекчилери менен кайсы бир нерсе жөнүндө тил табышып, маселен, тынчтыкты орнотуучу катары чыкса болот. Трамп соңку ай ичинде эки ирет бул вазыйпаны аткарып, араб-израилдик элдешүүсү, Сербия жана Косовонун макулдашуусуна салым кошо алды. Антсе да америкалык шайлоочуга бул түздөн-түз таасир эте албас. Бирок Трамп Афганистандан күчтөрдүн чыгарылышын да шаштырып, эмки жазга чейин эмес, Рождество келгенче эле америкалык аскерлерди үйлөрүнө кайтарууга сөз берүүдө. Бул аткарылбасы анык, себеби аталган майрам 3-ноябрдан кийин келет эмеспи. Ошентсе да америкалыктардын баарына тиешелүү дагы бир маселе бар – куралдардын, анын ичинде өзөктүк куралдардын жарышы.
Коопсуздук жана акча — өзөктүк согуш жана куралданууга бөлүнгөн каражатты улам көбөйтүү зарылдыгы. Трамп өзү да "тынчтык өкүм сүргөн асманга" кам көргөнүн көрсөтүүнү жактырат эмеспи. Өзү эмес, Клинтон болуп калганда Түндүк Корея коркунучу болору кайталанып келбедиби. Бирок ойдон чыгарылган "корей коркунучу" унуткарылып, "октябрдык белек" катары башка бир нерсени издөө зарыл.
Трамп Россия менен "мамилеси" тууралуу маалыматтарды ачыктоого макулдук берди
Баамдаганыбызга караганда, Трамп Путин менен келишим түзүүгө ынтызар. Анткени бул кадамы менен Путин аны сыйлаарын, өзү кыйын киши экенин мекендештерине көрсөткүсү бар. Төрт айдан кийин мөөнөтү аяктай турган СНВ-3 келишимин Трамп өзү жоюуну көздөгөндөй позицияда эмес беле?! Ооба, Россия дайым макулдашууну беш жылга узартууну демилгелеп келген. Ал эми Вашингтон өздөрүнө пайдасыз экенин, аны кайра жазып, толуктап, дегеле үч тараптуу келишим түзүү керектигин айткан. Башкача айтканда, Кытайды кошкусу бар. Бирок аталган держава Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жана чектөө чаралары жөнүндөгү келишимге кошулууга таптакыр кызыкдар эмес. Россия менен АКШга караганда мындай куралдары аз экенин буга себеп катары көрсөтөт.
Москва Пекиндин мындай позициясын Кошмо Штаттардын эскертүүлөрүн толугу менен колдогон. Россия үчүн таптакыр туура келбеген талаптар да болгон. СНВ-3 келишими акырындап бүтүп бараткан, бирок бир нече ай мурун эле америкалыктар ишти кайра колго алып, Россия менен кайрадан консультацияларды жүргүзө баштады. Анткен менен ошончо убактан бери келишим Россияга көбүрөөк зарыл болгондой түр көрсөтүп келген. Эгер Москва америкалык талаптарды 3-ноябрга дейре кабыл алууга ашыкпаса, анда кийин узартуу талаптары (жаңы келишимдин корутундулары) мурдагыдан да катаал болот.
АКШнын атайын кызматы: Байден балп эттирсе, Путин күнөөлүү деп билгиле
Россия андай болбогон ыкмаларды салкын кандуу кабылдады, кантсе да келишим эки тарапка тең абзел. Кремль келишимге кол коюуга Трампка басым жасоого деле бармак эмес, бирок өткөн аптада Владимир Путин Жо Байден СНВ-3тү узартып же жаңы келишим түзүүнү убада кылганын эскертип, "бул келечекте болжолдуу өз ара аракеттешүүнүн абдан олуттуу элементи" деп белгиледи. Көп өтпөй бир катар америкалык басылмаларда Ак үй жана Конгресстен чыккан маалыматтар жарыяланып, "АКШ президенти Дональд Трамп СНВ – 3 келишимин түзүүгө шайлоого чейин россиялык тараптан макулдугун алууга үмүттөнөт", – деп жазып чыгышты.
"Трамптын администрациясындагылар Кошмо Штаттар менен Россиянын ортосундагы жаңы өзөктүк келишим түзүүгө Владимир Путин жана РФ Коопсуздук кеңешинин жетекчиси Николай Патрушевден принципиалдуу макулдук алдык деп эсептешет. Келишим боюнча иш бир жума аралыгында аяктап калышы ыктымал. Президенттин администрациясындагы аткаминерлердин бири чечим эң жогорку деңгээлде – Улуттук коопсуздук кеңеши жана Мамлекеттик департаментинде кабыл алынганын кабарлаган", – деп жазылат басылмалардын биринде. Кремлдегилер "жалган маалыматтар көп, реакция кылбайбыз" деген тейде гана жооп кылганын да кошумчалайт.
Трамптан так талашкан Байден аны "Путиндин күчүгү" деп ачуусуна тийди
Трамптын күтүүсүз белек камдап жатканы айдан ачык. Кантсе да, анын Москвага, Путиндин Вашингтонго деле барышына зарылдык жок. Эки президенттин биргелешкен билдирүүсү же америкалык тараптан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Маршалл Биллингсли атагандай, мурдагы келишимди узартууга мүмкүндүк берчү президенттик меморандумга кол коюу менен (беш жылдан азыраак убакытка) чектелиши мүмкүн.
Чындап эле Вашингтон мындай кадамга даярбы? 5-октябрда эле Биллингсли РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен сүйлөшүүсүндө ал тараптар макулдашууга жакындаганын билдирген, ал эми россиялык өкүл америкалыктардын оптимизмине таң калбады беле: "Биз ага жакындай элекпиз, буга басым жасагым келет. Америкалыктардын ушундай өңүттө көрсөтүү аракети түшүнүксүз жана негизсиз".
Айтор, Биллингсли менен Рябковдун жолугушуусу Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О"Брайендин Женевада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн уландысы болуп калды. Биллингсли менен Рябковдун Хельсинкидеги жолугушуусунда америкалыктар, балким, орустарды көндүрөбүз дегенчелик кылып, адатынча басым кылуу тактикасы улантылды. Бирок, андайга жол берилбейт, РФ тараптан саясий макулдук бар, бирок ал ачык шарттар менен берилген. Тагыраагы, Кытай кирбейт, жаңысы иштелип чыгышына жетишерлик мөөнөткө жылдырылса гана РФ кол коюуга макул.
Жакынкы күндөрү Трамптын пикирин тыңдайбыз. Кайра шайланып келишине көмөкчү боло турган Путин менен биргелешкен документке кол коюу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбастыгын боолголосок болот.