Окумуштуулар COVID жукканда эмнеге адам жыт сезбей каларын аныкташты

CC0 / Pixabay / Engin AkyurtМедициналык маске кийген кыз. Архив
Медициналык маске кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин нейрондор мээге жыт тууралуу сигнал бербей калат деп эсептешкен. Жаңы иликтөө бул божомолду четке какты.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Окумуштуулардын эл аралык тобу коронавирус жуктурган адам эмнеге жыт сезбей каларын жана анын кесепетин аныкташты. Макала "Известия" басылмасына жарыяланды.

Буга чейин аносмия (аз убакытка жыт сезбей калуу) коронавирустун негизги жана эң алгачкы неврологиялык симптому деп табылган. Вирус мурун көңдөйүнүн жогорку бөлүгүндөгү клеткаларды жабыркатып, мындан улам нейрондор мээге жыт тууралуу сигнал бербей калат деп эсептешкен. Ал эми жаңы иликтөө бул божомолду четке какканы жазылат.

Коронавирус менен грипптин эң негизги айырмачылыгы айтылды

Иликтөөнүн авторлорунун бири Сандип Роберт Датт коронавирус шарттаган жыт сезүүдөгү өзгөрүү түз эле нейрондорду жабыркатпай турганын, ал колдоочу клеткалардын ишине таасир берерин айтат.

Окумуштуунун билдиришинче, бул ачылыш жакшы жаңылык, коронавирус көпчүлүк учурда нерв түйүндөрүн олуттуу жабыркатпайт.

Муну менен адам айыккандан кийин нейрондору өзгөрүп же башкача нукка бурулуп кетпейт. Мындан тышкары, толугу менен жыт сезбей калуу коркунучу жок экени аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0