Азыркы келишим, ОПЕК+ 2.0 деген да аталышы бар, апрелдин ортосунда G20 ("Чоң жыйырмага" мүчө өлкөлөрдүн тобу — ред.) жана ОПЕК+ келишимине катышкан өлкөлөр ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлгөн. Ошондо мунай казууну суткасына 9,7 миллион баррелге кыскартуу чечими кабыл алынган. Андай чечим коронавирустун кесепетинен мунайды пайдалануу көлөмү кескин түшүп кеткендиктен, аргасыз чара эле. Дээрлик дүйнөдөгү бардык өлкөлөр инфекцияны жайылтпоо үчүн бирдей чараларды көрдү. Бири-бирине жуктурбашы үчүн адамдардын кыймылына чектөө киргизилген. Натыйжада, жер жүзүнүн булуң-бурчунда учактар учпай, автомобилдер жүрбөй, өндүрүш токтоп калган. Андан улам күйүүчү майды пайдалануу азайды. Ал эми мунайды казуу мурдагы, карантинге чейинки деңгээлинде эле. Ал аз келгенсип, мунай өндүрүүнү кошумча кыскартуу маселеси Россия менен Сауд Аравиясынын ортосунда пикир келишпестиктерди жараткан. 2020-жылдын экинчи кварталына ОПЕК+ келишими бузулгандай эле болгон.
ОПЕК+ келишиминин катышуучуларынын 4-6-марттагы жолугушуусунда Сауд Аравиясы ошол квоталарга тиешеси бар катышуучулардын баарына мунай өндүрүүнү дагы 1,5 миллион баррелге кыскартууну сунуштаган. Буга Кытайдагы мунайга суроо-талаптын токтошу себеп болгон (марттын башында карантиндик чаралар негизинен Кытайда киргизилген, Европада андан кийин башталды). Россия ошол убакта өндүрүштү кыскартпай, кырдаалды байкап турууну ылайык көргөн. Анткени Кытайда карантин канчага созулары, вирус бөлөк өлкөлөргө жайылып-жайылбасы түшүнүксүз эле.
Бул келишимдин баштапкы мөөнөттөгү чыныгы максаттарын аңдап билүү үчүн жогоруда айтылгандар абдан маанилүү. Март-апрелде мунай пайдаланылгандан ашкере өндүрүлүп отуруп, дүйнөдөгү мунай сактагычтар толуп калуу коркунучуна кептелген. "Ашыкча" мунайдын баары ошол жактан агылган. Сунуштун көлөмү суроо-талаптан суткасына 20 миллиондон 30 миллион баррелге чейин айырмаланган. Ошондуктан ОПЕК+ жаңы келишими мунай сактагычтардын толуп калышына жол бербөө үчүн биринчи кезектеги милдетти көздөгөн. Кырдаал эң жаман нукка бурулса, өндүрүштү ОПЕК+келишиминдеги шарттарга караганда кыйла кыскартууга аргасыз болушмак, мунай баасы да өзүн актабагандай деңгээлге түшмөк.
Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн азыркы келишими 2016-жылы түзүлгөн ОПЕК+ биринчи келишиминен бир топ айырмаланат. Ал убакта өндүрүш көлөмүн жөнгө салуу бааны жогорулатууга багытталган. Кеңейтилген картелге мүчө өлкөлөрдүн эч бирин, анын ичинде Россияны да бул пикир ынандыра алган эмес.
Мунай пайдалануу да, баасы да калыбына келүүдө
Июндун башында мунай сактагычтардын толуп калуу тобокели алдаканча азайды. Азыр иш жүзүндө мындай сценарийди эч ким караган жок. Ошол себептен, азыркы форматтагы ОПЕК+ келишими өзүнүн биринчи милдетин мөөнөтүнөн эрте аткарды. Себеби уюм май-июнь айларында мунай казган мамлекеттер мунай өндүрүшүнүн көлөмүн болушунча кыскартат, ал эми 1-июндан тарта аз-аздан көбөйтө алат деп болжогон. Май-июнда суткасына 9,7 млн. баррелге, июль-декабрь айларында 7,7 млн. баррелге, 2021-жылдын апрелине чейин 5,8 млн. баррелге кыскартылары күтүлгөн.
Бир баррели 30 доллар болуп турганда бул долбоорлордун дээрлик баары кирешесиз. АКШда ушул тапта мунай казуу азайгандан азаюуда. Өндүрүш суткасына болжол менен 2 млн. баррелге кыскарды. Болгондо да бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, экономикалык себептер ушундай абалга аргасыз кылууда.
Россия максималдуу кыскартуу мөөнөтүн узартууга бир нече себептерден улам макул болду. Биринчиден, бюджет үчүн баанын өсүшү пайдалуу, анткени пайдалуу кендерди казууга экспорттук төлөм жана салык дал дүйнөлүк баага жараша эсептелет. Мунай канчалык кымбат болсо, бюджетке ошончолук көп каражат түшөт. Албетте, өндүрүш компаниялары көбүрөөк өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгусу келет, себеби баанын үстөгүн көбүнесе төлөм жана салык түрүндө мамлекет алып коёт.
Жалпысынан постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөр ОПЕК+ азыркы келишиминен утат. Казакстан жана Азербайжанга өндүрүш көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнөн да тез арада кара алтындын баасынын өсүшү маанилүү. Беларуска да мунайдын кымбат болушу зарыл. Өлкө россиялык мунайды кайрадан көп өлчөмдө сатып ала баштады, бул анын мунай өндүрүүчү заводдорун толук ишке киргизүүгө мүмкүндүк түзөт. Кара алтындын кымбатташы Европада мунай өндүрүмдөрүнүн өсүшүн шарттаары турган иш. Бул бөлөк өлкөлөргө беларустук мунай өндүрүмдөрүн экспорттоодон түшкөн кирешени жогорулатат.
Ошол себептен, ОПЕК+ келишими, бааны бийик кармап туруу максатында мунай өндүрүүнү максималдуу кыскартуу мөөнөтүн узартуу жалпысынан бардык мамлекеттер үчүн пайдалуу. Ал эми мындай чечимге каршы чыккан мунайчы компаниялар каржылык запастары болгондуктан, көп деле зыян тартпайт.