Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны миллиондон ашты

© REUTERS / Aly SongСитуация в Китае в связи с коронавирусом
Ситуация в Китае в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка караганда, 3-апрель күнү эртең менен дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1 015 403кө жетти.

Каза болгондордун саны 53 030 болсо, сакайып кеткендердики ушул саатта — 210 579.

Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты
Биринчи орунда мурдагыдай эле АКШ турат. Азыр бул өлкөдө  ооругандардын саны — 245 070. Италияда — 115 242, Испанияда — 112 065, Германияда — 84 794, Кытайда — 82 437, Францияда — 59 929, Иранда — 50 468. Калган өлкөлөрдө COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 50 миңден төмөн.

Өлгөндөрдүн саны боюнча айта турган болсок, биринчи орунда Италия, мында 13 915 киши каза тапты, Испанияда — 10348 киши, Францияда — 5387, Кытайда — 3 199, Иранда — 3 160 киши. Калган өлкөлөрдө бул көрсөткүч 3 миңден төмөн.

Кыргызстан тууралуу айта кетсек, ушул тапта вирус жуктургандардын саны — 125. Алардын бешөө сакайып кетсе, бири көз жумду

Коронавирус тууралуу

Ситуация в Оше с введением ЧП в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга тараган COVID-19, катуулаган тартип боюнча тексттик баяндама. 17-күн
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0