Миллиардер Жек Ма Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМиллиардер Жек Ма
Миллиардер Жек Ма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миллиардер Кыргызстандан сырткары, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Индия, Вьетнам жана Бутан өлкөлөрүнө көмөк көрсөтүүдө.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Кыргызстанга COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул туурасында Reuters агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, дүйнөгө таанымал миллиардер Кыргызстандан сырткары, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Индия, Вьетнам жана Бутан өлкөлөрүнө медициналык каражаттарды берип жатат.

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирип берди. Сүрөт
Бизнесмен бул мамлекеттерге 1,7 миллион медициналык бет кап, 165 миң тест-система, коргоочу кийим, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана термометр жибере турганы айтылат.

Гуманитардык жардамдын алгачкы партиясы 28-мартта Индиянын Нью-Дели шаарына жеткирилген.

Жек Ма — дүйнөгө белгилүү кытайлык ишкер, Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү жана директорлор кеңешинин төрагасы. Ошондой эле Азиядагы эң бай адамдардын катарында турат.

Коронавирус Кыргызстан

29-март күнү Кыргызстанда дагы 26 адам COVID-19 инфекциясын жуктурганы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0